Зордук-зомбулука кабылган балдардын укугун ким коргойт?

Бүсалима Көкчөева

Бүгүн биз, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылып, кыйын жана кооптуу абалда Баткен шаарынын Жаңы кварталында жашап жаткан балдардын тагдыры жана бүгүнкү күндөгү абалы жөнүндө, алардын коңшусуна кайрылып көрүү менен алынган маалыматтар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Көпчүлүгү такыр маалымат берүүнү каалашкан жок, алардын жашоосун жакшы билген бир коңшусу Алтынай (аты өзгөртүлдү) маалымат берүүгө макулдугун берди.

Анын айтымында: «Бул үй-бүлөдө азыр жигит жалгыз бой. 1 уул 1 кызы менен жашайт. Жубайы менен ажырашканына 3 жылдын жүзү болду. Ажырашууларынын негизги эле себеби бул жигит спирт ичимдигин көп ичет. Үйүндө көп ызы-чуу болушчу, жубайын балдары менен кошо ур-токмокко алат болчу. Былтыр апасы да өтүп кетти. Өзү күн алыс спирт ичимдигин ичип келет. Эртең менен балдарын үйгө киргизип эшигин жаап кетет. Алардын курсагы ачпы-токпу иши деле болбойт. Быйыл кызы 1-класска, ал эми уулу мектепке чейинки даярдоо окуусуна окууга барышы керек эле. Барбай калды, себеби балдары менен иши деле жок»,-дейт Баткен шаарынын тургуну.

Демек, ымыркай балдардын жашоосу кооптуу абалда. Спирт ичимдигин ичип келген ата балдарга кандай тарбия берип жатат, же болбосо бир күн мас абалда жаман ишке барбайт деп ким кепилдик бере алат. Бул үй-бүлө тууралуу маалымат алгандан соң, бул балдарды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан, ур-токмоктон ж.б. у.с. балдарды ким коргойт деген суроо менен Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо секторунун башчысы Бүсалима Көкчөевага кайрылып көрдүк:

«Ооба бул үй-бүлө биздин карамагыбызда бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелерибиздин катарын толуктоодо. Биз бул үй-бүлөдөн ар дайым кабар алып түрдүүчө гуманитардык жардамдарды берип, балдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Ошого карабастан, ал балдарынын да психикасын өз багытына өзгөртүп алган, балдары эч нерсе айтышпайт. Текшерип барган учурда «Жок мен балдарды өзүм чоңойтом, менин балдарымды менден эч ким тартып алалбайт»,- деп такыр кир жугузбай карап жаткан ата болуп өзгөрө калат. КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы №522 токтому менен бекитилген Жободо төмөнкүдөй жазылган:

Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөгө тарбиялоого (асырап алууга), камкорчулукка же багып алуучу үй-бүлөгө, ал эми мындай мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда-жетим балдар же ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн бардык типтеги (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык жактан коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана менчигинин түрүнө карабастан ушуга окшогон башка мекемелерге өткөрүп берүүгө тийиш).

Бүсалима Көкчөева
Бүсалима Көкчөева

Жетим балдарды, ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же чектелгенине, ата-энелери дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз деп таанылганына, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөп жатканына байланыштуу ата-энелери жок балдарды интернат мекемелерине (менчигинин түрүнө карабастан) жиберүү соттун чечими боюнча жүргүзүлөт жана баланы үй-бүлөгө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана акыркы чара катары колдонулат. №670-токтомдо Багып алуучу (фостердик) үй-бүлө жөнүндө жобо бекитилген. Интернаттарды жоюп фостердик үй-бүлөгө өткөрүп берүү жагы каралууда. Фостердик үй-бүлө деген- бул өз ыктыяры менен бир үй-бүлө 10 балага чейин бала багып алууга болот. Интернатта тарбияланган балдар бир тараптуу өсүп калышат эмеспи, айырмасы үй-бүлөдө бала кандай тарбияланса, ошол эле тарбияны көрүшөт жана үй-бүлөдөгү күнүмдүк иштерди аткарууга жөндөмдүү болушат-дейт Бүсалима Көкчөева.

Мекеме ата-энесинин камкордугусуз калган учурда балдардын укугун коргоо максатында өспүрүмдөрдү сүрөткө же тасмага тартууга тыюу салынат. Ошол себептен, жогорудагы айтылган шаар тургунун аталык укугунан ажыратуу иши боюнча жетишээрлик далил керек. Мисалы: соттолгондугу тууралуу соттон справка, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендиги тууралуу справка ж.б.у.с. далилдердин негизинде гана ата-энелик укуктан ажыратып интернатка өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул материал БУУнун Өнүгүү программасынын жана Финландиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтү” жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун укуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Айпери Сапарбаева, “Кызыл Туу”, 16.09.2015-ж.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*