Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар акысыз юридикалык көмөккө муктаж

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын юридикалык көмөк алуусуна, анын ичинде акысыз юридикалык жардам алуусуна көп тоскоолуктар бар.

yur_komok

Бүгүнкү күндө негизинен майып адамдарга өкмөттүк эмес уюмдар гана акысыз юридикалык жардам сунуштап келет. “Майып адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондусунун президенти Толкунбек Исаковдун айтымында, анын уюму Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга юридикалык көмөк берүүдө активдүү иштеп келе жаткан жалгыз уюм.

“Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык көмөк берүүдө эки багытты карасак болот. Негизинен майып адамдарга юридикалык жардамды, кеңешти өкмөттүк эмес уюмдар берет. Бул уюмдар эл аралык уюмдар менен же болбосо “мамлекеттик социалдык заказ” деп коет, башкача айтканда Социалдык өнүгүү министрлиги бөлүп берген грант менен иштешет. Кээ бир уюмдар убактылуу эле, айтсак, алты ай-алты айлап жардам беримиш болуп, иштешип коюп эле жоголуп кеткендери бар. Кайсы ишке, эмнеге грант тийсе ишмердүүлүгүн ошол багытка буруп кете беришет. Учурда тилекке каршы, майыптар менен иш алып барып, бул жаатта кесипкөй деңгээлде активдүү иш жүргүзүп жаткан жалгыз гана биздин уюм эсептелет. 14 жылдан бери бул тармакта эмгектенип жатабыз”,-дейт ал.

Жеке юристтердин арасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешүүнү каалабагандар дагы бар. Атын-жөнүн өзгөртүп берүүнү өтүнгөн жактоочу Азим Рыскуловдун айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык көмөк бериш үчүн атайын бул багытта иш алып барыш керек. “Мен жогорку окуу жайда сабак берем, ошол эле маалда жеке жактоочу катары дагы иштейм. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген атайын юрист болушу керек деп эсептейм, анткени ал майып адамдар күнүмдүк турмушта кездеше турган баардык жагдайларды кылдат карап чыгат. Мисалы, мен балдак менен басып жүргөн адамды кайра-кайра тигил же бул маалымдаманы алып келиңиз деп жөнөтө бере албайм. Өзүңүзгө жакшы белгилүү административдик же кылмыш иши болобу, баардык процесстерде тиешелүү маалымдамалар, справкалар керек. Негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз көмөк көрсөтүүдө өлкөдөгү адвокаттык ишмердиктин мүнөзүн эске алыш керек. Мындай багытта иш алып бара турган жактоочулар, юридикалык фирмалар өтө эле аз. Аймактарда кеңеш бере турган юристтер жокко эсе. Ошондуктан майып адамдарга акысыз көмөк берүү менен катар эле адвокатура жаатын өнүктүрүүнү дагы колго алуу зарыл деп эсептейм”,-дейт ал.

Юстиция министрлиги буга чейин “Кепилдендирилген мамлекеттик юридикалык көмөк жөнүндө” КРдин мыйзамынын жаңы редакциясын демилгелеген. Бул мыйзам учурда Жогорку Кеңешин кароосунда турат. Мыйзамга аз камсыз болгон жарандардын, айрыкча, майып адамдардын каражаты жок болуп калган убакта сот адилеттигин камсыздоо, алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн акысыз мамлекеттик юридикалык көмөк берүү тууралуу өзгөртүүлөр кирген. Буга чейин иштеп жаткан, 2009-жылы кабыл алынган ушул эле мыйзам боюнча I-II топтогу майыптарга гана кылмыш иштери боюнча сотто акысыз көмөк берүү каралган болчу.

Исаковдун айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адам административдик иштер менен кайрылса анда мамлекет ага бекер көмөк көрсөтө албайт. “Жогоруда аталган мыйзамда I-II топтогу майып адамдарга кылмыш иштери боюнча сотто акысыз көмөк берүү каралган. Алар административдик, жарандык иштер менен кайрылса анда мамлекет акысыз көмөк көрсөтө албайт. Учурда бул мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат, ал Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды. Майып адамдар үчүн юридикалык кеңештерди ар бир өз алдынча башкаруу органдарынын штатындагы юрист көрсөтүп, ошолор жардам бериш керек болот, бул эми тилекке каршы азырынча долбоордо гана көрсөтүлүүдө”,-дейт ал.

Бирок мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү кылмыш иштери боюнча эмес, административдик, жарандык маселелерге көп кабылгандыктан, аны чечиш үчүн юристтин көмөгүнө, анын ичинде акысыз жардамына муктаж болушат.Себеби алардын басымдуу бөлүгүнүн каражаты тартыш.

Дагы бир эске алчу жагдай, Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Кепилдендирилген мамлекеттик юридикалык көмөк жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынган күндө да, бекер кызматтык тейлөө көрсөткөн юристтердин гонорарын мамлекет төлөп бериш үчүн бюджеттенби же башка булактарданбы каражат табуу зарылдыгы дагы келип чыгат.

Негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кызмат көрсөтүш үчүн Кыргызстандын адвокатура жаатын дагы өнүктүрүү зарыл экендигин эксперттер белгилешүүдө. Дүйнөлүк практикада калктын аялуу катмарына, анын ичинен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмөк көрсөткөн юристтер же юридикалык компаниялар салыктан бошотулат. Азырынча бул Кыргызстандын шартында канчалык реалдуу экенин аныктоо кыйынга турууда, бирок келечекте өлкөнүн юстиция тармагы акырындап отуруп бул практиканы колдонууга өтүшү мүмкүн.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында укуктук үгүт жүргүзүү иштерин, алардын укуктун сабатын жоюну колго алуу зарыл.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жанаФинляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана БУУӨПтүн “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун колдоосунда даярдалды.

Гүлнур Жумалиева, Кабар ордо, 14.09.2015-ж.

URL: http://www.kabarordo.kg/263314

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*