КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨ КОДЕКСИ
86-статья. Жашы жетпеген балдарга сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү
- Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо, жашы жетпеген балдарга алименттер сот тарабынан алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага – ата-энесинин иштеп тапкан жана (же) иш жүзүндөгү кирешесинин төрттөн бири, эки балага – үчтөн бири, үч же андан көп балага – жарымы. Мында, ушул Кодекстин 88-статьясындакаралган учурларды кошпогондо, эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага – бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага – бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага – эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек.
- Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үй-бүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
- Ата-энеси фермердик чарба жүргүзүүдө, жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, жашы жетпеген балдарга алименттин орду тараптардын макулдашуусу боюнча накта азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.
- Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.
87-статья. Жашы жетпеген балдарга алимент кармалып калуучу эмгек акынын жана(же) дагы башка кирешенин түрлөрү
Ата-эне улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада алуучу эмгек акынын жана (же) дагы башка кирешенин түрлөрү жана алардан ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык жашы жетпеген балдарга өндүрүлүүчү алименттерди кармап калуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
88-статья. Жашы жетпеген балдарга туруктуу акчалай суммада алимент өндүрүү
- Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса жана (же) дагы башка кирешеси болсо, же эгерде бул ата-эне эмгек акысын жана (же) дагы башка кирешесин толук же жарым-жартылай натуралай же чет өлкөлүк валютада алса, же эгерде анын иштеп тапканы жана (же) дагы башка кирешеси жок болсо, ошондой эле башка учурларда, эгерде ата-энесинин иштеп тапканынан жана (же) дагы башка кирешесинен алимент үлүшүн өндүрүүгө мүмкүн болбосо, кыйынчылык туулса, же тараптардын бирөөсүнүн таламдары кыйла бузулса, сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда үлүш түрүндө (ушул Кодекстин 86-статьясына ылайык) жана туруктуу акчалай суммада өндүрүп берүүгө укуктуу.
- Туруктуу акчалай сумманын өлчөмү тараптардын материалдык жана үй-бүлөлүк абалын жана көңүлгө алуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен, баланын мурдагы камсыз кылынуучу мүмкүн болушунча жогорку деңгээлин сактоо мүдөөсүнө жараша сот тарабынан аныкталат.
- Эгерде ата-эненин ар биринде балдар кала турган болсо, ата-эненин биринен экинчисине – азыраак камсыз болгондун пайдасына ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү ушул статьянын 2-пунктуна ылайык сот тарабынан аныкталуучу туруктуу акчалай сумма менен аныкталат.
89-статья. Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз балдарга алименттерди өндүрүү жана пайдалануу
Ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарга алимент ушул Кодекстин 86-88-статьяларына ылайык өндүрүлөт жана балдардын камкорчусуна (көзөмөлчүсүнө) же алардын асыраган ата-энесине же мамлекеттик же үй-бүлөлүк балдар үйүндөгү балдардын башка (билим берүү, дарылоо, социалдык жактан коргоо, убактылуу туруу) мекемелериндеги балдардын өздөрүнө ачылган эсебине төлөнөт.
Балдар мындай мекемени таштап кеткенде ага алынган алименттердин суммасы ал жашап турган жерде ачылган мамлекеттик банктагы анын өздүк эсебине которулат.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүм менен макулдашуу боюнча балдар мекемесинин жетекчилиги салымдан баланын муктаждыгына (дарылануу, тиш салдыруу, тиешелүү медициналык мекемелердин корутундусу боюнча кулагын жана көзүн коррекциялоого керектелүүчү жеке аппараттар менен камсыз кылуу үчүн гана) керек болгон сумманы мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу.
91-статья. Балдарга жумшалуучу кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуусу
- Макулдашуу болбогондо жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөндө (оору, жашы жетпеген балдардын майып болушу же эмгекке жөндөмсүз бойго жеткен балдардын жардамга муктаждыгы, аларды башка адамдарга бактырууга жардамдашуу зарылдыгы, туруктуу жашап туруу үчүн жарактуу турак жайдын жоктугу жана башка жагдайлар) ата-эненин ар бири ушул жагдайларга байланыштуу кошумча чыгымдарга катышууга сот тарабынан тартылышы мүмкүн.
Кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуу тартиби жана бул чыгымдардын өлчөмү ата-эненин жана балдардын материалдык жана үй-бүлөлүк абалына, тараптардын көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларына жараша ай сайын төлөнүүчү туруктуу акчалай суммада аныкталат.
- Сот ата-энени накта жумшалган кошумча чыгымдарга жана алдыда боло турган кошумча чыгымдарды тартууга катышып турушуна милдеттендирүүгө укуктуу.
93-статья. Ата-эненин кошумча чыгымдарына бойго жеткен балдарынын катышуусу
- Бойго жеткен балдары эмгекке жөндөмсүз ата-энесине камкордук көрбөсө жана өзгөчө жагдайлар болгондо (ата-энеси катуу ооруга чалдыкканда, жаракат алганда, аны караганы үчүн бирөөгө акы төлөгөндө жана башка учурларда) бойго жеткен балдар ушундай жагдайлардын чыгышынан улам пайда болгон кошумча чыгымдарды төлөөгө катышууга соттун кийлигишүүсү менен тартылышы мүмкүн.
- Бойго жеткен ар бир баладан кошумча чыгымдарды көтөрүү тартиби жана ал чыгымдардын өлчөмү ушул Кодекстин 92-статьясынын 3, 4 жана 5-пункттарынын жоболорун сактоо менен ата-эненин, балдардын жана башка тараптардын материалдык жана үй-бүлөлүк абалын, көңүл бурууга арзыган башка кызыкчылыктарын эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.
- Кошумча чыгымдарды төлөөнүн тартиби жана ошол чыгымдардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
96-статья. Жубайларына жана мурдагы жубайларына сот тартибинде өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү
Алимент төлөө жөнүндө жубайлардын (мурдагы жубайлардын) ортосунда макулдашуу жок болгондо, жубайына сот тартибинде (мурдагы жубайына) өндүрүлүүчү алименттин өлчөмүн жубайлардын (мурдагы жубайлардын) материалдык жана үй-бүлөдөгү абалына жараша жана башка таламдаш тараптардын көңүл буруусуна арзыган ай сайын төлөп турууга тийиш болгон накталай акчанын суммасы сот тарабынан аныкталат.
103-статья. Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн сот тартибинде өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү
- Ушул Кодекстин 98-102-статьяларында көрсөтүлгөн адамдардан алимент төлөтүп алуунун тартиби жана өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталышы мүмкүн.
- Тараптардын макулдашуусу жок болгондо сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү алимент төлөөчүнүн жана аны алуучунун материалдык жана үй-бүлөлүк абалына жараша жана ай сайын төлөнүүчү накталай суммасы буга таламдаш болгон башка тараптардын кызыкчылыгын пайда кылган негизге таянуу менен сот тарабынан ар бир учурда өзүнчө белгиленет.
- Эгерде алимент талап кылган үй-бүлө мүчөсүн багууга бир эле учурда бир нече адам милдеттүү болсо, сот алардын материалдык жана үй-бүлөлүк абалына жараша алимент боюнча милдетти аткарууга алардын ар биринин катышуу даражасын аныктайт. Сот алименттердин өлчөмүн аныктоодо доо ушул адамдардын бардыгына, алардын ичинен бирөөнө же алардын ичинен бир нечесине коюлганына карабастан, алимент төлөөгө милдеттүү болгон бардык адамдарды эске алууга укуктуу.
Алимент тууралуу кененирээк бул ссылкада:
http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst
Leave a Reply