Аксы районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 8 балага майып арабалар берилди.
Аксы райондук администрациясынан билдиришкендей, майып арабалар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан тапшырылды. Алардын жетөө көп багыттуу майып араба. Ал эми бири велосипед сыяктуу майып араба.
Аксы району боюнча 2326 адам мүмкүнчүлүгү чектелгени боюнча каттоодо турат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Leave a Reply