“Биз “Тилектештик автобусу” долбоорунун алкагында өлкөбүздүн алыскы аймактарын кыдырып, элге укуктук жардам, кеп кеңеш берип келебиз. Кайсы айылга качан бараарыбыз алдын ала графикке киргизилип, жергиликтүү социалдык коргоо башкармалыгы, айыл өкмөттөрү аркылуу элге кенен маалымат берилген. Биздин командада адвокат, социалдык коргоо, мүлктү каттоо, жер, салык, документ алуу жана башка маселелер боюнча адистер бар. Бизге кайрылган адамдар адатта 3-4 адиске кайрылышат. Айрым адамдардын маселесин баардык адистер чогулуп, кеңешип бирдиктүү чечим чыгарууга туура келет. Алимент маселеси менен келген адамдын кайсы бир документи жок болуп калат, мүлк бөлүшөйүн десе үйү катталган эмес, пенсияга чыгайын десе улүш жери жок” – дейт Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасынын адвокаты Асель Ишенова.
“Алыскы аймакта “Тилектештик автобусу” долбоорунун алкагында элге укуктук жардам көрсөтүп жүргөн учурда бизге Канышай (аты өзгөртүлгөн) деген аял кайрылды. Ал кирип келип эле “Мага бардарымды алып бергилечи, суранам” – деп көз жашын агызып, энтиккен бойдон көйгөйүн айтып кирди. Аябай толкунданып алгандыгынан сөзүнүн дагы баш аягы жок. Ага алгач суу берип, отургузуп, тынчытып алып, андан кийин иштин чоо жайын сурай баштадым. Ал күйөөсү менен ажырашууну чечип балдарын алып кетейин десе кичүү баласын берип, улуу эки баласын бербей, өзүн үйдөн кууп чыгышканын айтты. Канышайдын айтымында, ал үч баласы, жолдошу, кайыненеси менен чогу жашачу. Күйөсү экөө расмий никеге турбагандыктан балдар апасынын атына жалгыз бой эне катары жазылган экен” – деп Асель Ишенова окуяны баяндап берди.
Канышай “Тилектештик автобусунун” адистери айылга келип элге акысыз юридикалык жардам, кеп кеңеш берип жатканын угуп келген. Анын негизги көйгөйү күйөсү бербей койгон эки баласын алып берүүнү гана суранган.
Адвокат Асель Ишенова, жергиликтүү бийликтин жардамы менен күйөсүн дароо эле чакыртып, мыйзам боюнча ал балдарына эч кандай укугу жок экенин түшүндүрүп, ошол жерден балдарын апасынын колуна өткөрүп берген. Күйөсү алгач “балдарды эмне кылсаңар дагы ала албайсыңар, бул менин балдарым” деп чатак салып кирген. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктө атасынын аты жазылбаган. Андыктан мыйзам боюнча анын балдарга эч кандай укугу да, милдети да жок чоочун эле бирөө катары эсептелет. Мыйзамды түшүндүрүп, балдарды апасына бербесе жоопко тартылаарын айтып бергенден кийин айласы куруп, балдарды апасына берүүгө туура келди. Албетте балдарды алган менен эле иш бүтүп калган жок.
Учурда Канышай балдары менен кризистик борбордо баш калкалап, иш издеп, балдарын багуунун аракетин кылып жатат. Адвокаттын кеңеши менен балдарынын аталыгын аныктоо боюнча документ жасоодо. Аталыгы аныкталгандан кийин алимент алуу боюнча арыз берем деп даярданып жатат. Мамлекеттен үй салганга жер алууга дагы арыз берди. “Мага дагы, балдарга дагы тынч жашоо керек. Өмүр бою алаңдап коркуп, үркүп, басынган жашоонун кереги эмне” – дейт Канышай. Ал жолдошунун тынч жашоо бербегенин, болбогон нерсеге ызы чуу салып, уруп, сабап, түнкүсүн балдар ыйласа дагы уйку бербейсиңер деп тееп, чаап жанын койгобогонун, мындан ары чыдай албай калганын айтат.
“Ар бир адам эркин, тынч, коопсуз шартта жашоого укугу бар. Кимдир бирөө сенин денеңди оорутканга, кемсинткенге, психологиялык басым көрсөткөнгө кенедей да жол бербеш керек. Бул адамдын негизги, фундаменталдык укуктарынын бири. Муну ар бир аялзаты билиши керек, себеби бизде статистика боюнча зомбулуктун 90 пайызы аялдарга карата жасалат” – деп белгилейт адвокат .
Асель Ишенованын айтымында, “Тилектештик автобусунун” командасына кирген кызматкерлер БУУнун жана ЕБнын “Теңдик нуру” Демилгеси уюштурган атайын окуулардан өтүп, эл менен баарлашууну, зомбулукка кабылган жарандарды аныктоонун ыкмаларын үйрөнүшкөн жана окуудан алган билим иш учурунда көп пайдасын тийгизип жатат. “Тилектештик автобусу” долбоору Юстиция министрлиги тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасынын колодоосуна ишке ашырууда.
Leave a Reply