Майыптыгы бар кыз-келиндер көргөн кордук

Amnesty International уюму Кыргызстанда зомбулукка учураган майыптыгы бар аялдардын көйгөйү көмүскөдө калып жатканы тууралуу макала жарыялады. Анда айтылгандай, мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер жакындарына көз каранды болуп, жашоодо өз жолун табышы өтө кыйын.

“Теңдик” коомдук уюмунун директору Гүлмира Казакунова Каракол шаарына дагы бир майып кыздын укугун коргогону бара жатканын айтып сөзүн баштады:

“Мен азыр Караколго сапарга чыкканы турам. Биздин шелтерге келип түшкөн 27 жаштагы кыздын сотуна катышам. Тубаса шал болуп төрөлгөн кызды Чолпон-Атадан бир жигит мыкаачылык менен зордуктаптыр. Биринчи инстанциядан ага жаза мөөнөтүн он жыл деп беришкен экен. Жигиттин адвокаттары бул чечимге нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Сот эртең Караколдо болот. “Чыгып кетет” деген имиштер жүрүүдө. Себеби, ал жигит кайсы бир таасирдүү адамдын жакыны экен. Эми тигил майыптыгы бар кыз араң эле басып жүрчү. Аны уурдап кетип, колун байлап, оозуна бирдемелерди тыгып, муунтуп өтө жырткычтык менен зордуктаган экен. Байкуш кыздын буту араң эле кыймылдап, үнү да акырын чыкчу. Алы жок кыз бул окуядан кийин кансырап, ооруканага түшүп калыптыр. “Бирөөгө арыздансаң көлгө ыргытып жиберем” деп коркуткан экен”.

https://www.azattyk.org/a/31333493.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*