Гульназ Маматова: «ВИЧ туурасында билбөө туура эмес имиштерди жаратат, бирок МКЮЖ бизге аларды жок кылууга жардам берет»

“Мен адамдар менен канчалык көп сүйлөшкөн сайын,  алардын Кыргызстандагы ВИЧ-инфекциясы бар адамдар жөнүндө аз билерине ишенип келе жатам” – дейт Ысык-Көл областы боюнча Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ)  боюнча семинар-тренингдин катышуучуларынын бири, Ош облусунда ВИЧ-СПИД менен ооруган адамдардын укугун коргогон “Турнанын Кыйкырыгы” (Крик Журавля)  ассоциациясынын коомдук жетекчиси  Гүлназ Маматова. Ал МКЮЖ мындай жарандарга карата укук коргоо жана сот органдарынын өзүм билемдигине каршы күрөшүүдө кандайча пайдалуу экендигин айтып берди: 

– Башында, биз үчүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам программасы менен кызматташуу абдан маанилүү экенин айтып кетейин, анткени ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдар, айрыкча республиканын түштүгүндө, түшүнбөстүктүн ызгаарына көбүрөөк  кабылышат. Жада калса туугандары жана достору алар менен азыраак байланышканга аракет кылышат. Мындай кырдаалда адам көп учурда түнт болуп кетет да, өз  көйгөйү менен жалгыз калат. 

– ВИЧ-инфекциясы бар адам депрессиядан жана жалгыздыктан чыгуучу, анын кадимки жашоого кайтып келүүгө түртү бере турган башкы нерсени  айта аласызбы?

 – Албетте, бул илдет менен узак убакыт бою жашап, ошол эле учурда толук кандуу жашоону башынан  өткөрүп,  ​​дээрлик бардык жумушта иштеп, үй-бүлө куруп, ден-соолугу чың балдарды төрөөгө, спорт менен алектенүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.  Бул үчүн бекер берилген атайын дары-дармектерди өз убагында жана үзгүлтүксүз ичип туруу жетиштүү. 

  – Сиздин көз караштан алып караганда, курчап турган адамдардын мындай адамдарга болгон мамилесин өзгөтүүгө болобу?  

– Биринчиден, – өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынан бери массалык аң-сезимге сиңип калган стереотиптин туура эместигин  түшүнүү. ВИЧтин   “Чалгы менен чабылган өлүм” эмес экенин, өлүмгө алып келген диагноз эмес экенин түшүнө билүү.  Бул учурда, бизге жалпыга маалымдоо каражаттары жана  социалдык тармактарда жарыялаган  постерлерибиз жардам берет деп ишенем. Акыркы эки-үч жылда Иммундук жетишсиздик синдрому проблемасына  карата коомчулуктун мамилеси байкалаарлык жакшы жакка өзгөрдү деп айта алам. Бирок адамдар менен канчалык көп баарлашкан сайын, тилекке каршы, алардын ВИЧ жөнүндө толук маалыматы жок экенине көбүрөөк ишенип келе жатам. Ал эми билбестик, сиз билгендей, ар дайым туура эмес имиштерди  пайда кылат. 

– Сиз ВИЧ-позитивдүү адамдар ден соолугу тың  балдарды төрөй алат деп айттыңыз. Сиздин кардарлардын арасында ушундай ата-энелер барбы? 

– Мен, мисалы, төртүнчү баласын төрөгөн ушундай энелердин бирин билем. Анын төрт баласынын биринде да иммундук жетишсиздик вирусу болгон эмес.

 – Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам программасы ВИЧ жөнүндө жалган стереотиптерден арылууга кандайча жардам берет?      

 – Тилекке каршы, ВИЧ-позитивдүү адамдарды стигматизациялоо деп аталган нерсе, акыркы мезгилдерге чейин сот тутумунда жана укук коргоо органдарында көп сезилген. Көптөгөн соттор жана күч түзүмдөрүнүн  кызматкерлери иммундук жетишсиздик синдрому менен ооруган адам “чума жугузган”  жана “коомдун саркындысы” сыяктуу жалган ой-жүгүртүүдөн арылыша элек.   Коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана юристтер менен МКЮЖ аркылуу баарлашып, биз жана биздин өнөктөштөр акырындык менен аларды мындай жарандарга башка маданияттуу дүйнө жүзүндөгү жарандар сыяктуу эле  адаттагыдай мамиле кылууга үйрөтүп жатабыз. Бул программага жана анын өнөктөштөрүнө – БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбооруна, биздин коомдогу моралдык-психологиялык климатты жакшыртууга  салым кошкондугу үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. 

Маектешкен Андрей Токомбаев.

На русском: Гульназ Маматова: «Незнание о ВИЧ рождает нелепые слухи, но ГГЮП помогает нам их развеять»

In english: Gulnaz Mamatova: “Poor awareness of HIV gives rise to absurd rumors, but SGLA helps us dispel them”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*