Нарын облусунда “Тилектештик Автобусу” акциясы башталды

Бүгүн, 21-июнда “Тилектештик Автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу, Өзгөрүш, Биринчи май жана Большевик айылдарынын жашоочуларына 40 акысыз укуктук консультациялар берилди. Жолугушуулар А. Осмоналиев атындагы орто мектептин базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан. 

Учурда “Тилектештик Автобусу” Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан, анда адистердин мобилдик тобу ишин К.Кермалиев атындагы орто мектептин базасында улантып жатат.

22-июнда “Тилектештик Автобусу” Нарын облусунун Ат-Башы айылына барат. Калк менен жолугушуу К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин базасында болуп өтөт. 

«Тилектештик Автобусунун» Нарын облусу боюнча 2021жылдын 21июнунан 7июлуна чейин жолго чыга турган убактарынын графиги:

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*