Жапайы жорук кыздарга мамиленин жүзүн көргөздү

Журналист Айдай Токоеваны көчөдөн бейтааныш адам жамбашына чапкан

Өткөн жумада Бишкекте кыздарга көчөдө ыдык көргөзүү боюнча кылмыш иши козголду. Кызга тийишкен жигит милицияга келип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул окуя Кыргызстандагы харассмент темасын күн тартибине чыгарды.

Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Арыз Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген. Токоева өзү окуяны сотко чейин жеткирип, башка балдарга сабак болушун кааларын билдирди:

“Мен чынында мындай нерсени күткөн эмесмин. Курбу кыздарым менен баратсам бейтааныш эле бир адам жамбашка чапты. Ушунчалык жаман болдум. Кыздардын көбү мендей жагдайга кабылат, бирок окуяларын ачык айткылары келбейт. Бул окуя прецедент болуп калды. Ошондуктан, мен ыдык көрсөтүү кылмыш экенин жана андан жапа чеккен кыз өзүн коргой аларын айткым келет. Балким менин мисалым башка эркектерге да сабак болот”.

Айдай Токоеваны жамбашка чапкан жигитти кыздар дароо видеого тартып, эмнеге мындай кылганын сурашканда “кааладым, урдум” деп жооп берген. Кыздар анын жоругун сындап, жооп беришин талап кылганда жигит качып кеткен. Видео социалдык тармакта тараган.

Окуянын чоо-жайын Биринчи май райондук милициясы иликтей баштаганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматкери Алмаш Бекбоева:

“9-июнда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына өз ыктыяры менен 1999-жылы туулган О.Х. аттуу жаран келди. Ал Бөкөнбаев-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын жанынан өтүп бара жатканда алардын бирине колу кокусунан тийип кеткенин түшүндүрүп, кечирим сурады. Тергөөдөн кийин О.Х. суракка кайра келүү милдеттенмеси менен бошотулду. Тергөө иштери уланууда”.

Социалдык тармактын кыргыз сегментинде тараган видео кайрадан харассмент маселесин күн тартибине чыгарды.

Блогер жана активист Азиза Мурзашева коомдук жайларда, иште же окууда сексуалдык ыдыкка, тийишүүгө кабылган кыз-келиндердин окуяларын чогулта баштады. Ал коомдо адатта мындай учурлар айтылбай каларын же кыздардын өзүн күнөөлөшөрүн айтты.

Азиза Мурзашева.
Азиза Мурзашева.

Интернетте кайра эле кыздарды күнөөлөп башташты. Демек, биздин түшүнүк боюнча саратанда кыска кийим кийген кызды бирөө чаап кетсе, ага кыз өзү күнөлүү. Демек, кыз өзүн эркин жана коопсуз сезбейт. Мен окуяларды чогултуп жатып, харассментке кабылган кыздар ушунчалык көп экенине таң калдым. Алар аноним катары айтып берип жатышты. Жакындары же туугандарына айткандан коркушат. Анткени, коом аларды кайра жемелеп жатпайбы”.

Азиза Мурзашева жүргүзгөн сурамжылоого 100дөн ашык адам катышкан. Кыз-келиндер иште, окууда, үй-бүлөдө жакындары, кесиптештери, тааныштарынан көргөн ыдыктарды айтып беришкен. Алардын бири аткаминерден сексуалдык ыдык көргөнүн айтып берген:

“Ыдыкты кой, мени ой-боюма койбой зордукташкан. Аябай кыйналдым. Анткени, бул окуяга кайра мени айыптап салышты. Ал азыр Ош шаардык кеңешинин депутаты. Анын бир тууган агасы Жогорку Кеңеште мандат алган”.

Атын атагысы келбеген аял коопсуздугунан улам бул окуяны кенен айтып берүүнү каалаган жок.

https://www.azattyk.org

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*