Журналисттер жана блогерлер арасында майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди жоюга багытталган материалдарды жаратууга «Стереотипсиз жашоо!» сынагы жарыяланат. Сынак КРнын Саламаттык сактоо жана соцалдык өнүктүрүү министрлиги жана БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору менен биргеликте өткөрүлүүдө.
Сынактын максаты төмөнкү багыттарды колдоо:
- майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди жоюу;
- майыптыгы бар адамдардын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
- БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу Конвенциясына ылайык майыптыгы бар адамдардын позитивдүү образын жаратуу:
- майыптыгы бар адамдарга карата толеранттуу коом түзүү;
- майыптыгы бар адамдардын баардык категорияларына жеткиликтүү социалдык-экономикалык, маалыматтык чөйрө жаратуу;
- майыптык темасындагы сезимтал лексиканы колдонуу жана жайылтуу.
Сынактын катышуучулары:
Сынакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана медиа материалдардын түрүнө карабастан (теле көрсөтүүлөр, радио материалдар, подкасттар, макалалар, блогдор, видео блогдор …) бардык кыргыз жана орус тилиндеги журналисттик материалдардын жана блогдордун авторлору катыша алат. Сынакка гезитке, социалдык тармактарда, Интернет басылмалардын веб-сайттарында, блог платформаларында жарыяланган же өлкөнүн телерадио каналдары аркылуу берилген материалдар кабыл алынат. Учурдагы пандемия шартына байланыштуу, заманбап онлайн технологиялардын жардамы менен дистанттык негизде жасалган материалдар дагы сынакка бирдей укукта катыша алат.
Сынактын катышуучулары төмөнкү маалыматтарды жөнөтүүсү керек:
- өзү тууралуу маалымат (аты жөнү, иштеген жери, байланыш телефону);
- 2021-жылдын 26-майынан 15-августуна чейин жарыяланган, же эфирге чыккан сынактын темасындагы бирден үчкө чейинки медиа материалдар;
- ар түрдүү веб-ресуртарда (вебсайт, социалдык тармак, YouTube, блог платформалары ж.б.) жайгаштырылган материалдардын шилтемелери;
- YouTube каналдарына же башка веб-ресурстарга жайгаштырылган теле жана радио материалдардын шилтемели, кыскача маалыматы (автору, эфирге чыккан датасы, ЖМКнын аталышы, хронометражы);
- Гезит-журналдарга чыккан материалдардын скан-версиясы жана ошол эле материалдардын социалдык тармактардагы же башка веб ресуртардагы шилтемелери, кыскача маалыматы (автору, жарыяланган датасы, ЖМКнын аталышы).
Сынактык материалдарды Конвенциянын принциптеринин негизинде, терс стереотипсиз жана дискриминациясыз жаратуу үчүн кыргыз жана орус тилиндеги Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн курстан алдын ала өтүү сунуш кылынат.
Сынакка катышуу үчүн материалдардын скан версиясын же шилтемелерин competition.kg@gmail.com электрондук почтасына “Стереотипсиз жашоо!” сынагы үчүн” деген тема коюп жөнөтүү керек. Кошумча суроолорду ушул почтага жазып жооп алсанар болот.
Уюштуруучулар сынакка келип түшкөн материалдарды таратууга, басып чыгарууга укуктуу. Сынактык материалдарды таратууда авторуна жана ЖМКсына шилтеме берилет.
Сынактык иштерди тапшыруунун акыркы мөөнөту – 15 август 2021-жыл, 17.00.
Сынактын номинациялары:
Эң мыкты журналисттик эмгек
1 орун – Ноутбук
2 орун – Букридер
3 орун – Мобильдик телефон
Кызыктыруучу сыйлыктар
Эң мыкты блог
1 орун – Ноутбук
2 орун – Букридер
3 орун – Мобильдик телефон
Кызыктыруучу сыйлыктар
Тандоонун критерийлери:
– сынактын темасына, максаттарына жооп бериши;
– журналистиканын этикалык нормаларына, профессионалдык стандарттарына туура келиши;
– маалыматтын ар тараптуулугу, тереңдиги;
– материалды чагылдыруунун оригиналдуулугу;
– аудиторияга таасирдүүлүгү;
– инклюзивдүүлүк, бирдей мүмкүнчүлүк принцибин сактоо.
Leave a Reply