Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар президентке кат жазышты

18 жаштан өйдө майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрү каралбай жаткандыктан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар президенттин түз кабыл алуусун суранып кат жазышкан. Муну айткан Майыптар ассоциациясынын президенти Асипа Мусаева, катта жалпысынан тогуз талап коюлганын билдирди.

Атап айтсак, анда мүмкүнчүлүгү чектелгенгендин курорттук дарыланууларын, майып араба маселесин, майыптыгы барларды көзү азиздер жана кулагы укпагандар деп бөлбөй, баарын тегиз сыяктуу жана башка талаптар бар. Негизи мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар беш жылда бир Ысык-Көлгө курорттук дарыланууга барышат. А.Мусаева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бул жеңилдиктер жайында эмес, кышында берилип жатканына нааразы. Ошондуктан, анын акчасын төлөп берүү сунушун да киргизишкен. Ал буга чейин 9-сентябрда премьер-министрге да кайрылып, бирок канааттандыраарлык жооп ала алышпаганын кошумчалады.

-Президенттин кеңешчисине да кире алган жокпуз. Премьер-министрге да жазганбыз. Ошол бойдон кабыл алган жок. Бизди ойлогон киши жок. Айлабыз кеткенинен ушинтип кат жазып олтурабыз. Бир майып арабасын алыш үчүн кайрадан баардык дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүш керек. Башка өлкөлөрдө мындай эмес. Эмне үчүн башкаларга үй салынат да, бизге жок. Биз майып болсок эле керегибиз жокпу? 

Деген менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлзаада Акунова 18 жаштан өткөн майыптырга көңүл бурулбай жатат деген дооматты четке кагат. Ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги майыптыгы барлардын укуктарын коргоп, жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштеп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, 111 миңден ашуун майыптыгы бар жаран социалдык жөлөк пул алышат. Ал эми, курорттук дарыланууга жолдомолор тизме боюнча берилгендиктен, айрам мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кезек кышында келип калат.

-Өкмөт тарабынан эл аралык кыймыл аракеттердин классификациясы тууралуу иштер жүргүзүлүп жатат. Укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. 18 жаштан өйдө майыптар каралбай калууда дегенден алысмын. Анткени, мүмкүнчүлүгу чектелгендерди жумуш менен камссыздандыруу  боюнча иштер  жүргүзүлүп жатат. Алсак, региондор боюнча 222 киши жумуш орду менен камсыздалган.

Мүмкүнчүлугү чектелген жарандардын коомдук бирикмелери биргеликте онлайн флешмоб өткөрүүдө. Бул иш-чаралар БУУнун Майыптар тууралуу конвенциясын кабыл алуу боюнча президенттин көңүлүн буруу максатында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча кыймылдын мүчөсү Укей Мураталиева маалымдады. Анын айтымында, Конфенциянын кабыл алынышын талап кылуудагы башкы себеп Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата мыйзамдар жетиштүү деңгээлде иштелип чыккан эмес.

-Президент биринчи орунда конвенция маселесин чечип берсе. Майыптардын укуктары бирдей, бирок шарттар ар кандай болуп жатат. Мамлекет баардык майыптарды жөлөк пул менен камсыздай албайт. Демек, аларды жумуш орду менен камсыз кулуу зарыл.

БУУнун Конвенциясын кошуна мамлекеттерден Казакстан кабыл алган. Жогорку кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул Конвенция кабыл алынса, жол карта катары кызмат кылаарын айтат. Эл өкүлү майыптардын шартын жакшыртууга аталган Конвенцияны кабыл алууну туура көрөт.

-Конвенция кабыл алынса, Өкмөт кайсыл тармакта кандай жумуштар жасалаарын билип калат. Бирок, анын аткарылышына 36 млрд сом керек. Өкмөт мындай ири көлөмдөгү акча жок экенин, андыктан Конвенцияны кабыл ала албай турганын билдирди.

Ал эми, Президенттик аппараттын маалымат кызматы азырынча эч кандай кат түшө электигин, түшсө каралаарын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 178 минден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Анын 29 миңден көбү жаш балдар.

Айжамал Худайбердиева

Ноябрь 27, 2017

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар президентке кат жазышты

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*