Жаңы жылдан тартып мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жаңы шарттар түзүлөт

Smiling deaf woman learning sign language

2018-жылдын 14-январында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тең укуктуулугу боюнча мыйзам күчүнө кирет. Бул туурасында мыйзамдын демилгечиси болгон эл өкүлү Дастан Бекешев билдирди.

Ал белгилегендей, мыйзамда кулагы укпаган жарандарды соттук отурумдарда сурдо котормо менен камсыздоо кызматтарынын тутумун түзүү каралган. Ошондой эле факсималдык кол коюу мүмкүнчүлүгү да камтылган. Анткени, көрүүсү начар же колу жок жарандар нотариалдык кызматтарда кол коюуда кыйынчылыктар болуп келген.

Акпар Мендебаиров 8 жашында операциядан кийин көзү көрбөй калган. Бирок мындай оор сыноо аны алсыраткан эмес. Тескерисинче күч топтоп, алдыга жылып, билим алып өнүгүүсүнө түрткү болгон.

-Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун көргүм келет. Анткени, бала кезди эстетет. Ошентсе да ошондогу элестерди эстеп, өзүмчө сүйүнүп калам.

Учурда өзү сыяктуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сабак берет. Аларды жашоого үндөйт. Биро ага карбай өзү сыяктуу кыргызстандыктарга мүмкүнчүлүктөр, шарттар каралган эмес деп кейийт.

-Көчөдө өз алдынча жүрүү кыйын. Тротуарлардын абалы жаман. Маршруткага чыксаң ар бир аялдама сайын токтотпойт, же айтып турбайт. Анан өтүп кетесиң.

Бирок Акпар Мендебаиров мүмкүнчүлүгүм жок деп, мамлекеттен колдоо күткөндөрдөн эмес. Ал болгону ар бир жаран сыяктуу шарттар бизге да каралса дейт. Маселен, элементардык түрдө мамлекеттик ишканалардын сайттарында, интернет айдыңында көзү азиздерге да маалымат ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүү. Анткени, учурда өзү колдонуп жүргөн синтезатор программасы кээде маалыматты так окуп берет, кээде иштебей калат.

-Азыр интернет өнүккөн. Өзүм эле GPS программасы менен барчу жерди таап барып алам. Бирок айта кете турган жагдай, бизде мамлекеттик мекемелердин сайттары көзү азиздерге ыңгайлаштырылган эмес. Биз мисалы, сүрөттөр бар болсо аны көрө албайбыз, анын  башкача техникасы болот. Ошол эле сыяктуу схемаларды көрө албайбыз. Балким синтезатор менен окуй турганды угуп алууга болот, бирок сүрөт, схемалар жок.

Дал ушундай мүмкүнчүлүктөрдү камтыган мыйзамды буга чейин эл өкүлү Дастан Бекешев сунуштап, колдоо тапкан. Эми долбоор 14-январдан тартып күчүнө кирет. Анда мамлекеттик сайттарда көзү азиз жарандарга карата кызматтарды кошуу менен бирге, угуусу начар жарандарга сурдо котормо кызматынын тутумун түзүү да каралган.

-Мисалы, билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо тармагында кызмат көрсөтүлсө сурдо котормо кызматы көрсөтүлүшү керек. Ошол эле учурда соттук отурумда, нотариуста сурдо котормочунун кызматын колдоно алат.

Ага кошумча мыйзамда көзү азиз жарандарга факсималдык кол коюу мүмкүнчүлүгү да камтылган.

-Көзү азиз киши банкка барганда банктык кызматтарды көбүнчө колдоно албайт. Анткени кол кое албайт. Ушундай эле жагдай колунан ажыраган кишилерге тиешелүү. Эми бирок аларга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анткени эми факсималдык кол коюу кызматы кадимки кол тамганын ордуна коюла алат.

Азырынча мыйзамды ишке ашыруу жагын тийиштүү мекемелер иштеп жатканын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Чолпон Асаналиева айтты. Мыйзамды иштеп чыгууда кыйынчылыктар болгонун моюнга алат. Андыктан бул долбоорду иштөөгө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коому да кошулганын айтты.

-Албетте бул маселени билүү үчүн аны түшүнгөн кишилердин жардамы керек эле. Андыктан биз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдору менен да иштештик. Балким биз акырын бараткандырбыз. Бирок баары тыкыр иштелип чыкты. Январга чейин баардык иш аягына чыгыш керек”.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 178 минден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Анын 29 миңден ашыгы жаш балдар.

Бурулай Шергазиева

Ноябрь 28, 2017 

Жаңы жылдан тартып мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жаңы шарттар түзүлөт

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*