Алдамчылар аялдын оорукчандыгынан пайдаланып төрт бөлмөлүү батирин сатып жиберишкен. Адвокат жабырлануучунун өз аракетине жооп бере албастыгын далилдеген менен Ош шаардык соту үйдү сатып алуу келишимин мыйзамдуу деп тапты.
Надира Шаюсупова былтыркы жылдын ноябрь айынан бери өзүнүн менчик батиринде убактылуу жашоочу болуп калды. Ош шаарынын борбордук бөлүгү эсептелген Зайнабетдинов көчөсүндө жайгашкан төрт бөлмөлүү үйүн алдамчыларга алдырып жиберген. Надира эже эпилепсия менен ооруйт, 2-топтогу майып. Батирине байланышкан окуядан кийин саламаттыгы мурункудан да начарлаган.
“Кичине жакшы болуп, адамдар менен сүйлөшүп калдым эле. Азыр кайра талмам кармап калчу болду”,- дейт Шаюсупова.
Жабырлануучунун пенсия курагындагы жолдошу унаа токтотуучу жайда кароол болуп иштейт. Ал жерге күн сайын келип, машинасын токтотуп жүргөн Мырза аттуу киши менен таанышып, кез-кезде баарлашып жүрчү. Мырза бир күнү аялын ээрчитип Шаюсуповдордун үйүнө конокко келет. Алар үй ээсинен аз-аздан акча карызга алып, кайра кайтарып жүрүп ишенимге кирүүгө үлгүрөт.
“Бир жолу келишип, 15 миң берип туруң дешти. Мен сомбу десем, доллар дешти, менде андай акча жоктугун, төрт дубалдан башка эч нерсем жок экенин айттым”,- дейт Надира Шаюсупова.
Мырза менен Нүргүл Надира Шаюсуповага кыйлмылсыз мүлктү алып-сатуу бизнесине өнөктөш болууну сунуштап, чоң жер тилкесин алып, беш сотыхтан бөлүп сатышаарын айткан. Жабырлануучуга да жер тилкени убадалашып, акча сурашкан. Бирок карыган аялда каражат жок экенине көзү жеткен жубайлар эми батирди менчиктеп алуунун жолдорун издей баштады.
“Үй кимдин атында экенин сурашты, менин деп жооп бердим. Үй китепчени сурап алышты да, кыжаалат болбоң китепче сизде калат, ичиндеги кагазды эле алып турабыз. Биз аны банкка күрөөгө коюп, акча алабыз, 20 күндө кайра документти беребиз дешсе, мен макул болгонмун”,-дейт Надира.
Ушундан кийин үйдү көргөнү адамдар келе баштайт. Надира Шаюсупова алдарды банк кызматкерлери деп жүрө берген. Алар кыймылсыз мүлк агенттигинин өкүлдөрү экенин жабырлануучу кийин түшүнүптүр.
“Эже, бир адамдар барат, ызы-чуу болбогула, жөн гана үйдү көрүп эле коет деди. Аялдар келип дароо эле ваннага кирди. Ал жерден аристонду өзүнөр койдурдуңар беле деп сурашты, болгону ошол. Кетип баратып, төрт бөлмөлүүбү дешти, кызым Нүргүл ооба деп жооп берди. Көрсө, бизди квартиранттар деп коюшуптур”,- дейт Шаюсупова.
Ишээнчек, анан психологиялык жактан оорукчан Надира эже ошол күнү анын батири сатыкка коюлуп, бааланып жатканын аңдабаган.
Үйдү алып-сатарлар көргөндөн кийин Мырза менен Нүргүл аялды мамкатто кызматына ээрчитип барышат.
«Ал жерден эже, нике күбөлүгүңүз кыркылган экен, ошонун кагазын архивден алып келиң дешти. Аңгыча архивге барбай эле нотариуска баргыла деди бирөөсү, менин таанышым бар, ошого 1000 сом берсеңер бүтүрөт деди”.
Бир кездери Надира Шаюсупова күйөөсү менен чатакташа кетип, формалдуу түрдө ажырашканы менен бүгүнкү күндө чогуу жашашат. Андыктан баарын башынан пландаштырган алдамчылар үйдү башка бирөөнүн атына өткөрүп берүү үчүн жабырлануучунун жолдошунун макулдугу талап кылынбасын деп архивдин кагазын да даярдашкан. Ушул себептен улам Шаюсупованын колу менен эле батир башка бирөөнүн атына өтүп кеткен.
“Баарын даярдап коюптур да, мен билбепмин. Бир киши бул кагазга кол коюң деди, көз айнегим жок десем, өздөрү көрсөтүп беришти. Документти окубадым, алар даокуп берип, тааныштырышкан жок. Үйүмү өз колум менен өткөрүп берип жатканымы кайдан билейин”.
Жабырлануучунун жактоочусу Назгүл Суюмбаева Шаюсупованын өз аракети үчүн жооп бере албаган оорулуу адам экенин далилдеп бергени менен сот алып сатуу документин мыйзамдуу деп тапты.
“Мен жана жабырлануучунун дарыгери бул аялдын дарты оор экенин, мындай оору менен адам өз аракетине жооп бере албай турганын далилдеп бердик. Анын үстүнө ошол маалда жабырлануучунун көз айнеги жок болгон. Ал эми келишимге кол койдуруп жаткандар келишимде эмне деп жазылганын түшүндүрбөстөн, аны алдап кол койдуруп алган. Андыктан сот бул документти мыйзамсыз деп табышы керек эле. Бирок сот алып сатуу документин мыйзамдуу деп чечим кабыл алып койду”,-дейт адвокат.
Ошентип, калаанын борборунда жайгашкан төрт бөлмөлүү батирди Каракожонова Нургул аттуу жаран кыймылсыз мүлк агенттигине 29 миң АКШ долларына сатып жиберген. Ал эми үй ээсине бир да тыйын берилген эмес. Агенттик бул үй кандай жол менен сатылып алынып жатканын билгендиктен, тез убакыт ичинде батирди башка адамга сатып жиберип, үй колдон колго өтүп кетет.
«Апамдын оорукчан экенин билип туруп пайдаланышыптыр. Алар ар дайым апам жалгыз болгондо сурап туруп келишчү экен. Эми мына кыйналып жүрүп алган үйүнөн карыганда ажыраганы турат. Сотто тиги аял күнөөсүн мойнуна алды, бирок ал камалып кеткенде бизге пайда жок экен. Ал акчам жок, эмне кылсаңар, ошо кылгыла деп бизди маскаралап күлүп отурду. Сатып алгандар үйдү бошоткула деп атышат”,- дейт жабырлануучу Надира Шаюсупованын кызы Дилярам.
Шаюсуповдордун жактоочусу Назгүл Суюмбаева соттун чечими акыйкат болгон жок деп эсептейт.
“Биз басымды бул келишим акчасы жок келишим болгондугуна жасадык. Анткени жарандык кодексте акчасыз келишим жокко чыгарылышы керек деп так көрсөтүлгөн. Анткени соода келишиминде бир тарап акча берет, экинчи тарап акча алып, товар берет. Биздин учурда сатып жаткан адам акча алган эместигин далилдеп бердик. Ошондуктан бул келишим жокко чыгарылышы керек болчу”.
Юрист Айгуль Матиева Надира Шаюсупованын окуясына окшогон аянычтуу жагдайга туш болгон жарандар көп экенин айтат. Алданбаш үчүн юристтерден кеңеш суроону сунуштайт ал.
«Биринчиден, үйдүн документин же башка мүлктүн документин чала тааныш адамдарга кандай жагдай болбосун берүү мүмкүн эмес, күрөөгө коем деген күндө деле. Бул кооптуу жана опурталдуу. Экинчиден, ар бир кагазга кол коюп жатып сөзсүз түрдө аны окуп чыгып, түшүнбөгөн жагдайларды сурап тактап, юристтер менен кеңешип туруп, анан кол коюу зарыл. Адам өзүнө сак болуп, укуктарын так билгенде гана буга окшогон укук бузууларга кабылбайт»,- дейт Матиева.
Жабырлануучу тарап Ош шаардык сотунун чечими менен макул болбогондуктан, Ош облустук сотуна даттанган. Ал эми үй соттун чечими чыкканга чейин мамкаттоо тарабынан камакка алынган.
БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.
Гүлжан Алтымышбаева, Азаттык үнү, Ош, 21.12.2015,
Макаланын дареги: http://vof.kg/?p=29105&lang=kg
Leave a Reply