Лөлүлөрдө 1,5 сотых жерде төрт-бештен үй-бүлө жашайт. Эки жүздөн ашык адам жер тилке алууга арыз жазган менен көйгөй чечиле элек. Бийлик болсо лөлүлөр да Оштун башка 5 миң тургунундай эле кезек күтүшү керектигин айтат.
Эл арасында лөлү маале деп аталып жүргөн Жаңы -Кыштак айылы Кара-Суу районуна караганы менен Ош шаарынын жака белинде жайгашкан. Кыштакта 4,5 миңге жакын адам бар, баары лөлү тектүүлөр. Элинин саны жылдан-жылга өскөнү менен алардын турак-жай көйгөйүнө көңүл бурган жан жок. Жаңы кожолуктарга жер берилбей, 1,5 сотых жерде төрт-бештен үй-бүлө жашашат.
Айыл тургуну Үмүт Назаров тар короону айланып, кайсы эшикте кимдер жашаарын тааныштырып чыкты:
“Мына жерде апам жашайт, эжемдин эки баласы менен. Бул эшикте агам аялы, үч баласы менен; бул жерде мен, аялым, балам турабыз. Жакында дагы бир балалуу болобуз. Ал эми бул эшикте дагы бир агам үй-бүлөсү менен күн кечирет. Баарыбыз 14 жанбыз, тыгылып жашайбыз”.
Бул үй-бүлөдө ден-соолугу чың, ишке жарамдуу төрт эркек бар. Бирок алардын бирөөсүнүн да жумушу жок. Лөлүлөрдүн салтына ылайык, эркектер иштебейт. Буларда үй-бүлөнүн багарманы – аялдар.
“Иштеп акча таппасак да, мамлекет тарабынан жер берилсе, өзүбүз эле кыш куюп, үй куруп алмакпыз”,-деп ишендирди Үмүт.
Назаровдордун үй-бүлөсү жер тилке сурап, айыл өкмөткө көп эле жолу кайрылган. Бирок маселе чечиле элек.
“Апам, жеңелерим бар, төрт үй-бүлө бир жерде жашап аябай кыйналдык. Казан-аяк кагышат дегендей, батышпайбыз. Анын үстүнө ар бирибизде эң кеминде экиден бала бар. Эжем күйөөсү менен ажырашып кеткен, анын эки баласы да апам менен чогуу чөйчөктөй бөлмөдө турушат. Биздин документтирибиздин баары жайында”,- деп билдирди Үмүт Назаров.
Саадат Асилованын үй-бүлөсүндө да ушул эле көйгөй. Сегиз адам бир бөлмөлүү үйдө күн кечирет. Тамдан чыгаарың менен эле дарбазага урунасың.
“Жайкысын жарымыбыз сөрүдө жатчу элек. Эми суук түшүп, бир бөлмөгө араң батабыз. Жер сурап айыл өкмөткө 2 жыл мурун кайрылдык, жооп болгон жок. Жашоо шартыбыз оор… Негизи, бизди, лөлү улутундагыларды бийлик өкүлдөрү адам ордуна деле көрбөйт. Бизди жаман көрүшөт, ууру дешет. Биз ууру эмеспиз, биз кайырчыбыз. Жумушка алышса, иштеп, үй куруп, адамча жашагыбыз келет”,- дейт Саадат.
Үмүт, Саадат сыңары тилкеге муктаж лөлү тектүүлөрдүн 200дөн ашыгы жер алуу үчүн айыл өкмөткө арыз таштаган.
“2010-жылдан тарта лөлүлөргө өздүгүн тактаган документтерди алып берүү активдүү жүрүп, азыр көпчүлүгүнүн паспорту бар. Паспорт алып, Кыргызстандын толук кандуу жараны болгон лөлүлөр мамлекеттен бир жолу жер алуу укугуна да жеткен”,- дейт Жаңы-Кыштак айылынын башчысы Руслан Уринов.
Ал эми өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү жер маселеси бир гана Жаны-Кыштак айылынын тургундарынын көйгөйү эмес экенин билдирди. Учурда Ош облусу жана Ош шаары боюнча 5 миң адам жер алууга кезекте турат.
БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.
Гүлжан Алтымышбаева, Азаттык үнү, Ош, 18.12.2015
Макаланын дареги: http://vof.kg/?p=29062&lang=kg



Leave a Reply