Майыптардын укугу жөнүндө Конвенцияны киргизүүдөгү каржылык чыгымдар эсептелди

Бул туурасында Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Куйкеев билдирди. Маалыматка караганда, ведомство аралык жумушчу комиссиянын эсебинде кошумча чара көрүү планынын долбоору 200дөн ашык иш-чараны өзүнө камтып, ал 29 миллиард сом каражатты талап кылат. Бул мамлекет тарабынан каралчу гана чыгымдардын суммасы болуп саналат, бизнес сектордун чыгымдарын кошкондо бул сумма дагы көбөйөт.

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда БУУнун майыптар жөнүндөгү конвенциясын ратификациялоо зарылдыгын, эгер бул документ ративикацияланса майыптардын укуктары жана аларга шарт түзүү боюнча бийликке талап коюуга жол ачыларын белгилеп келишет.

Конвенция 2007-жылы кабыл алынган. Учурда 150дөй өлкөдө документ ратификацияланды. Арасында Казакстан, Беларус, Орусия дагы бар. Кыргызстан 2011-жылы бул эл аралык документке кол койгону менен аны парламент ратификациялай элек.

Кыргызстанда жалпысынан 165 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын 27 миңи – жаш балдар.

Азаттык

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*