Менин апам Айтпаева Гульзина Толобаевна “ийгиликтүү айылдык ишкер айым.
Гульзина Толобаевна эки дипломдун жана көптөгөн сертификаттардын ээси. Төрт баланын сыймыктуу апасы, атамдын сүйүктүү байбичеси.
Апам ушул күнгө чейин көптөгөн стереотиптер менен күрөшүп келди.
Өзү Токтогулдун кызы болгондуктан, Ысык-Көл жергесине келин болуп келгенде түштүктүк деп эл көпкө чейин кабыл албаган. А бирок, ага карабай мектепке жумушка кирип, абдан үлгүлүү, мыкты мугалим боло алды. Андан кийин соода иштерин жүргүздү.
Көлдөн күңгөй-тескейинен алма чогултуп сатып алып, Алматы шаарына сатып келчү. 90-жылдардын каатчылыгына сынбай бизди балдарын эч нерседен кем кылбай атам экөө үзүрлүү эмгек кылышты.
Азыркы кезде апам Эшперов айылынын депутаты. Шоола-Көл коомунун “Эрте кийлигишүү” (ранее вмешательство” программасынын эксперти.
Жана дагы “ЖИА” коомунун проектеринин катышуучусу жана жеңүүчүсү.
Айылдык айымдар, шаардык айымдарга караганда билимсиз, эркиндиги аз деген стереотиптер көп кездешет, а бирок апам андай теңдешсиздиктерди тыптыйпыл кылып жокко чыгарган адам.
Гулзина Толобаевна, үй иштеринде мыкты кожойке, мээримдүү жар жана эне, саат 9-17ге чейин жумушунда кесипкөй адис. Айылдын оозунда сөзү бар, колунда иши бар нускалуу айым.
Айылда депрессияга кабылган жаш келиндер менен иштеп, балдарын окутуп тренингдерди өткөрүп келет. Лейлектин килемин токууну келин- кыздарга үйрөтүп келет.
Көп окуган, изденген, коркпогон, тобокел адам, кыйынчылыктарды жеңет- деп көп айтат апам.
Аялдардын жашоодогу ролун өзгөртүүгө, түштүк-түндүктү жакындатууга эбегейсиз зор салым кошкон инсан.
Айтбаева Үмүт. Блогер
Leave a Reply