Баткен облусунда майып жубайлар Элмурат менен Кундузга үй курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Мундузбек Темиркулов билдирди.
Анын айтымында, жаш жубайларга үй куруп берүү үчүн 700 миң сом бөлгөн жаран атын ачыктабай, белгисиз болууну каалаган. Учурда үйдүн дубалдары тургузулуп жатат. Курулуш иштерин жаңы жылга чейин бүтүрүү пландалууда.
Эми жергиликтүү тургундар Элмурат менен Кундузга жардам көрсөтүү үчүн марафон өткөрүүнү пландап жатышат.
Элмураттын айтымында, ал үй иштерине жеңилдик болушу үчүн жубайына атайын идиш жууган машина сатып берген. Учурда жубайлар жаңы салынып жаткан үйгө жылуу пол салдыруу үчүн жөлөк пулдарын чогултушууда.
Кундуз менен Элмурат Жалал-Абад шаарындагы майыптар үйүндө таанышып, кийин баш кошушкан.






Turmush
06.09.2017
http://www.turmush.kg/news:330923?from=kgnews&place=nowread
Leave a Reply