Таласта майып кыздын кордолушу иликтенет

 

Таластагы акыл-эсинен жабыркагандар тарбияланган интернатта кош бойлуу болуп калды делген 19 жаштагы кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголду.

Жабырлануучу учурда Бакай-Атадагы карылар жана майыптардын мекемесинде убактылуу баш калкалап жатат.

Талас районунун Кум-Арык айылындагы акыл-эсинен жабыркагандар тарбияланган интернатта жашаган 19 жаштагы кыз беш айлык боюнда бар экени мектеп жамаатына мындан бир ай мурун гана белгилүү болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” интернаттын директору Кенжалы Орозалиев мындай маалымат берди:

– Эмгек өргүүсүнөн келсем кыз бир аз толуп калыптыр. Эмне болгонун кызматкерлеримден сурасам тамакты көп жеп жатканын айтышты. Шек санап доктур чакыртып, текшертсем төрт айлык боюнда бар болуп чыкты. Сураштырсак кыз “мен үйгө барганда таежем оорукчан баласы менен таштап, күйөөсү экөө Бишкекке кеткен” деди. Кыздын айтымында, ошол убакта бала муну зордуктап коюптур. Ушинтип арыз жазып, прокуратурага өткөрдү.

 Бул иш боюнча укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) фактысы менен кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын облустук прокуратурадан билдиришти.

Ал арада кылмышка шектелип жаткан баланын апасы, тагыраагы кош бойлуу кыздын бир тууган таежеси Сагынбү Касымбекова жээнинин көрсөтмөсүн жалган жалаа деп сыпаттап, баласынын күнөөсүз экенин айтууда.

– Бул ишке баламдын эч кандай күнөөсү жок. Мен 100 пайыз кепилдик берем. Балам беш маал намазга жыгылат. Жада калса той-ашка барганда ичкен-жегенин кимдикинен алып келгенимди, ким жасаганын сурап, ылгап, тандап жейт. Балам 19 жашта. Кундуз 20-мартта келип, 22синде интернатка кеткен. Ал кезде балам шаарда болчу. Андан келип алып эле дааватка чыгып кеткен. Кундуздун үйгө келгенин ал көргөн да эмес. Бул боюнча балам угуп алып аябай шок болду. Менин баламды оорукчан деп жаздырыптыр. Менин балам оорукчан болсо Бишкекке чейин барып күрөшкө катышпайт эле да.

Интернаттан билдиришкендей, Кундуз каникул учурунда таежесиникине барып-келип турчу. Соңку окуядан кийин ал Бакай-Атадагы карылар жана майыптар жашаган жерге убактылуу которулганын мекеме жетекчиси Манапбай Казакбаев айтты.

– Кундуз бизге 8-августта Бакай-Атадагы социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан алып келинген. Азыр бизде убактылуу жашап жатат. Бүгүнкү күндө абалы жакшы эле. Бардык медициналык кароолорду өткөрүштү. Бизге алып калганга болот. Райондун социалдык кызматкерлери документтерди тууралап берсе, өзүбүзгө эле алып калабыз.

Таластын Кара-Буура районунда төрөлгөн бул кыз 11 жашынан тарта акыл-эсинен жабыркагандар жашаган интернатта тарбияланып келет. Мекеменин жамааты экинчи топтогу майып кыз быйыл мектепти аяктаганын, бирок жакындары аны алып кетпегендигин айтышты. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Рахат Айманбетова жабырлануучунун апасы да майып экенин, ал экинчи күйөөсү менен турарын жана үй-бүлөлүк абалы начардыгын билдирди.

Бүбүсара Рыскулова

Бүбүсара Рыскулова

Бишкектеги “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова “Азаттыкка” майып кыз-келиндерге жасалган мындай мамиле көмүскөдө калбашы керектигин белгиледи:

– Аң-сезими жабыркаган адамды кордогонго эселеп кылмыш иши козголушу керек. Бөлөсү болобу, башка болобу ошол жердеги укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алып, жабыркаган кызга көмөк көрсөтүшү керек. Кээде жашы жете элек кыздар, интернатта жашагандар зордукталып калса, өзү каалады деп коюшат. Мыйзам боюнча андай болбойт. Бизде оорукчан адамдар көп эле. Иш ушуну менен жабылып кала турган болсо, мындай жагдайлар көбөйүп кетиши мүмкүн. Оорукчан адамды кордогондор жазасын алышы керек. Муну Таластын укук коргоочулары да көзөмөлдөп, аягына чыгарат деп үмүттөнөм.

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева болсо бул иштен кабары жок экенин, мындан улам азырынча эч кандай укуктук баа бере албасын айтты.

31-август, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_talas_society/28707119.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*