Юридикалык жардам декадасында 20 жашка чейинки жарандар кайсы маселе менен көп кайрылган?

Кыргызстанда 6-15-декабрь аралыгында калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 6 миң 579 жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү.

“20 жашка чейин 256 жаранга укуктук жардам берилди. Алар мурас маселеси менен көп кайрылды. Ата-энеси өтүп кетип, мурасты бөлүштүрүү боюнча юридикалык жардам сурашкан. Ошондой эле жер маселеси боюнча кайрылышты”, – дейт ал.

Эскерте кетсек, декаданы өткөрүүнүн негизги максаты — калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

http://kg.kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*