ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЗОМБУЛУКТУН БЕЛГИЛЕРИ

Кыргызстанда 25-ноябрда аялдарга зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга багытталган 16 күндүк акция башталды. Акция “Зомбулукту токтот, жаша!”деген ураандын алдында өтүп жатат. 

Расмий маалыматтар боюнча 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк  зомбулук катталганын көрсөттү. Бул өткөн жылдагыдан 30% га көп. 

Уруп-соккон физикалык зомбулуктан башка  психологиялык зомбулук  бар. Психологиялык зомбулукту  адам өзүнө да, тегерегиндегилерде да көрсөтүп, далилдеп  айтып бериши кыйын. 

Психологиялык зөөкүр деп башка адамдардын өздүк мейкиндигин, чек арасын бузган адамды айтабыз. Мындай адамдар үйдө  шериги же балдары үчүн өзү чечим кабыл алат, алардын пикири, кызыкчылыктары жана муктаждыгы менен эсептешпейт. Жакындарынын баары көр жеме (деспот) адамдын эрежелери менен жашоого, айтканын айткандай аткарууга милдеттүү, алар адамдын  баскан изин санап турат. Майда-чүйдөнүн баарына киришип, көрсөтмө берип турат. Психологиялык зөөкүр жакындарына акылга сыйбаган, логикасы жок эрежелерди  таңуулашы мүмкүн, ошол үчүн жанындагы адамдардын башы маң болуп, эмне кылаарын,  эмне ойлоноорун билбей калат. Мындай эзме адамдар  өзүн башкалардан өйдө коет, башкаларды атайын басынтып, кордоп, мокотуп турат. Эмоционалдык же психологиялык зомбулуктун бир катар белгилери бар. Мисалы:

  • Башканы дайыма күнөөгө жыгат;
  • Шеригине мамилеси  катуу тийип капа болсо кечирим сурабайт;
  • Бакырып-өкүрүп орой мамиле кылат;
  • Куйтундап эки сүйлөйт; 
  • Тоотпойт, киши катары көрбөйт;
  • Жалаа жаап, ак жерден күйгүзүп турат;
  • Ачуусун башкадан чыгарат;
  • Кемсинткен аттарды коет;
  • Бир кезде айтып койгон сырынызды кайра өзүнө каршы колдонот;
  • Эгер бирөө бир кезде ката же кемчилик кетирген болсо аны такыр унутпай көзгө сайып, эскертип, бетине басып турат;
  • Маскаралап күлүп, сөгүп сагат;
  • Мамилесин тез өзгөртөт;
  • Басмырлап, ар-намысыңызга доо кетирип турат;
  • Берген убадасын аткарбайт;
  • Балдарды каршы кайрайт;
  • Эмне кылышты, эмне ойлошту айтып берип, таңуулайт;
  • Мындай кылсаң менден ажырап каласын деп коркутат.

Эгер үй-бүлөлүк мамиледе бул белгилердин көпчүлүгү бар болсо ойлоно баштаганыңыз оң. Психологиялык зомбулукка кабылган адамдын абалы кандай болот? 

  • Зөөкүрдүн жанында адам чөптөн жапыз, суудан тынч жүрөт;
  • Анын мамилесин дайыма актаганга аракет кылышат;
  • Зөөкүрдүн орой мамилесин улам жутуп алып,  улам кайталанган сайын эч кандай кооптуу окуя болгон жок, бул жөн майда-чүйдө , казан-аяк  кагышат деп өзүң жооткотуп, улам-улам кечире беришет;
  • Дос-курбулар,  ага-туугандар менен катышпай, алыстап, көр жеменин көзүн карап калат;
  •  Чүнчүп, дайыма  өзүн күнөөлүү сезе баштайт;
  • Дайыма  үрөйү учуп, санааркап  күн кечирет, кечинде алы кетип, чарчап калат;
  • Ой-сезимдерин эч ким укпаганына, кызыкчылыгы түккө татыбаганына көнө баштайт;
  • Чыр-чатактан же шылдынга калгандан коркуп өз оюн  ачык айта албай калат, чатактан качып баарына макул болот;
  • Бул дүйнөдө жалгыз калгандай сезет;
  • Финансылык жактан  шеригине  көз каранды болот;
  • Өзүн жоготуп, сырткы кабыгы эле калып, ички дүйнөсү каңгырап бош калгандай сезилет.

Бул белгилердин бир канчасы болсо адамдын саламаттыгына абдан кооптуу. Коомдо буга маани берилбей, физикалык зомбулукту гана “даана зомбулук” деп эсептешет. Андай эмес. Жан дүйнө  жанчылып, ичтен эзилип, унуткарам деп жүрүп ден соолукка доо кетиши мүмкүн. Психологиялык зомбулуктун кесепеттери психиканы катуу жаралап, адам катары ойлоно албай, толук кандуу жашай албай калышы мүмкүн. Эгерде адам психологиялык зомбулукка кабылганын баамдай баштаса төмөнкүдөй кадамдарга баруу керек:

  • Өз пикирин ачык айтууга аракет кылуу.
  • Коргонуу  үчүн өздүк чек араны бекемдөө.
  • Мажбурлаган сайын көнө берсе, өзүнө чыккынчылык кылган болот. Психологиялык зомбулуктан кутулуу үчүн колдон келген аракеттердин баарын жасоо зарыл.

***

Материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды. 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*