Жапаралиева: аялдар зомбулуктун беш түрү менен кайрылышат

“Шанс” кризистик борборунун адиси Адинай Жапаралиева билинбегени менен адамдар арасында психологиялык зомбулук көп экенин айтты.

Кризистик борборго экономикалык, сексуалдык, психологиялык жана ур-тепкиге алынган, ошондой эле балдарына көрсөтүлгөн зомбулукка кабылган аялдар кайрылышат. Андан тышкары, күйөөсү же жигити менен эки ача жолго түшкөндөн соң аялдарга коркутуп-үркүтүүлөр болсо дагы кайрыла алышат. Тилекке каршы, Кыргызстанда аңдуу боюнча атайын чара көрө турган мыйзам жок. Бул тууралуу Адинай Жапаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кризистик борборлор жабырлануучуларга психологиялык, юридикалык, социалдык жардам көрсөтүп, убактылуу башпаанек берет.

“Жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү зомбулукка кабылгандан кийин гана жардам сурап келишет. Айрымдары гана зомбулуктун алдын алышат. Бирок булар мурда зомбулукка кабылып, кайра ошол адам менен жарашып жашап жүргөндөр. Алар убакыт өткөн соң мамиле бузулуп баштаганда зомбулук көрсөткөн эркектин жүрүм-турумунан, маанайынан эле чыр-чатак болорун сезип калышат. Мындай учурда жабырлануучу менен бирге коопсуздук планын иштеп чыгабыз. Ал эми зомбулукка кабылып жатканын кабарлаган болсо (0709 710-320 же 102 линиясы) биз мобилдик бригада менен алып кетип, атайын жайыбызга жайгаштырабыз. Адамдар арасында психологиялык зомбулук көп. Буга маани бере беришпейт. Аялдар жакындарына даттанса “өлтүрө чаппайт экен, эң негизгиси көгала кылып сабаган жок го, чыдап жаша, үй-бүлөлүк чыр-чатак баарында эле болот” деп коюшат. Мына ушул майда-чүйдө нерседен чоң чатак чыгат. Жыйынтыгында биз алдын албагандыктан кээ бир жабырлануучуларды жоготуп алып жатабыз. Кайсы гана адам болбосун, башка адамга зомбулуктун бир да түрүн көрсөтүүгө укугу жок. Андыктан майда-чүйдө зомбулукка да чара көрүлүшү зарыл”, — деди Жапаралиева.

Адис акыркы статистика боюнча эркек эркекке зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйгөнүн кошумчалады.

https://m.sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*