“Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!”: аялдар кордолгон коом ыдырайт

Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк акция башталды. Бул жылы Баткенден старт алган өнөктүк “Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!” деген ураан алдында өтүүдө.

Жылда өткөрүлгөн глобалдык акция 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген. Акция 25-ноябрь – Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда – Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Кыргызстанда соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү дагы моюнга алууда. Быйыл Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 97-орунга түштү. Бул – Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө дегенди билдирет.

Баткендеги иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, зомбулукту кыскартуу үчүн чукул аракеттер көрүлөрүн айтты. Ал зордук-зомбулук боюнча Кыргызстанда маалыматтар жаап-жашырылбай, ачык айтылганынан улам көрсөткүчтөр жогору болуп жатат дейт.

“Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкө дегенге эч кандай негиз жок. Биз ушундай эл аралык кызматташууга ачык мамлекет болгонубуз үчүн, өзүбүз умтулганыбыз үчүн, өзүбүздүн ар бир статистикабыз ачык болуп, бул жаатка көп көңүл бурулгандыктан. Эмне үчүн милицияга ушундай кайрылгандардын саны өсүп жатат. Анткени, милиция өзүнчө статистика жүргүзүп жатат. Келин-кыздарыбыз мындай учурду жаап-жашырып койбой ачык кайырылып, зомбулукту жектеп жатканы үчүн кийинки жылы дагы көбөйүп калышы мүмкүн. Себеби, мындай терс көрүнүш көмүскөдө калбай ачыкка чыгып жатат. Биз туура эмес жагдайларды жаап жашырбайбыз. Аны ачык айтып, оңдойбуз. Бул саясатты улантабыз”.

Коомдо резонанс жаратып, үрөй учурган быйылкы зомбулук окуяларын тизмектейбиз. Бул коомчулукка билинип, ачыкка чыккан гана окуялар.

“Өзү асынганына ишене албай турабыз”

Ноябрдын башында Токтогул районунда 24 жаштагы келиндин асынып алганы белгилүү болду. Милиция бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирүүдө.

Асынып алган жеринен табылган 24 жаштагы Салтанаттын бир тууган агасы Бакыт Назаралиев карындашынын өлүмүнө күйөөсүн, абысынын жана анын баласын күнөөлүү деп шек санап милицияга кайрылган.

Карындашы асынардан мурда кат жазып, аны Орусияда жашаган жеңесине WhatsApp аркылуу сүрөткө тартып жибергенин, ал катында “өлүмүнө күйөөсү менен абысыны күнөөлүү экенин” жазып кеткенин белгилөөдө.

Учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Туугандарынын айтымында, Салтанаттын беш айлык боюнда болгон. Артында эки жарым жаштагы кызы калды.

Келиндин өлүмүнө байланыштуу Токтогул райондук милициясы Кылмыш-жазык кодексинин 136-беренеси (“Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Маркум келиндин күйөөсү кармалып, эки айга камакка алынган.

https://www.azattyk.org

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*