Майыптыгы бар балдардын ата-энесин кыйнаган салык

 

Кыргызстанда майыптыгы бар балдарды баккандарга мамлекет 2019-жылдан тарта жеке көмөкчүнүн айлыгын төлөп баштаган. Айына 4900 сомдук маянаны балдардын ата-энелери алат.

Ноябрь айынан тарта алар эми бул айлыгы үчүн салык, социалдык төлөм катары миң сомдон ашуун акчаны өз алдынча төлөөгө милдеттендирилди. Ата-энелердин көпчүлүгү мындай талапка нааразы болууда.

Талас облусунун тургуну Бурмакан Үмөталиева тубаса шал оорусу менен төрөлгөн беш жаштагы уулун бакканы үчүн 2019-жылдан бери мамлекеттен 4900 сомдон маяна алып келген. Буга кошумча майыптыгы бар баланын төрт миң сомдук пенсиясын да алат. Ага 18-ноябрда райондук социалдык коргоо кызматынан телефон чалышып, алган 4900 сом айлыгы үчүн салык кызматына миң сом төлөөнү талап кылышкан.

“Райондук салык кызматына барып төлөйсүңөр, 20-ноябрга чейин миң сом төкпөсөңөр, акчаңар кыркылат” деп бизди коркутушуп, баспаган баламды көтөрүп алып, такси жалдап айылдан райборборго барууга туура келди. Мындай баланы кароо өтө эле кыйын да. Ашыкча эч нерсе кыла албайм, иштемек мындай турсун, сыртка кенен чыга албайм. Уулумдун талмасы да бар. Чындап келгенде мамлекет берген 4000 сом пенсия менен 4900 сом айлык анын төрт күндүк дарысына да жетпейт. Ар дайым памперсте жатат, бир эле талма оорусунун бир күндүк дарысы 400 сом, андан да көп ооруларга дары алабыз. Мамлекет берген акча баланын өзүнө жетпейт. Анан ошол берген акчасын кайра бизден талап кылышып, биз тимеле учак же такси айдап, ишмердик кылгандай патент төлөгүлө деп зыкылдатып жатышпайбы”.

“Кантип төлөштүн жолун деле билбейбиз”

2019-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы майыптыгы бар 18 жашка чыга элек балдарды баккандарга жеке көмөкчүнүн айлыгын төлөп берүү боюнча өкмөттүн токтому күчүнө кирген. Ага ылайык, азыркы тапта өлкөдө сегиз миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы караган тараптар бар – басымдуусу ата-энелер. Алар райондук социалдык коргоо бөлүмү менен эмгек келишимин түзүп, айына 4900 сом айлык алышат. Аны алуу үчүн да атайын медициналык, социалдык экспертизадан өтүү зарыл.

Бул токтомду иштеп чыгууда эксперттик топтун курамында болгон Мария Небоганын кызы тубаса шал оорулуу. Ал да салык төлөмдөрдү ата-энеге жүктөөнү сынга алды.

“Бизди өкмөткө бул токтомго карата эксперттик оюбузду айткыла деп чакырганда, биз ата-энелер үчүн айлыкты алуу болушунча жеңил болсун деп сунуштадык. Ушундан улам буга чейин маянага тиешелүү салык, социалдык төлөмдү райондук социалдык коргоо бөлүмдөрү ишке ашырып келген. Эми бул кызматты биз үчүн өтө эле ыңгайлуу деп чечиштиби, айтор, айлык алгандардын башын оорутуп, патентти өздөрү сатып алып, салыкты төлөөгө мажбурлап жатышат. Биздин майыптыгы бар балдарыбызды таштап, ал жакта төлөмдөрдү ишке ашырганга чындап убактыбыз жок. Анан калса ар бир үй-бүлөдө эле ашыкча миң сом дайыма болбойт. Энелер арасында компьютердик төлөм эмне экенин билбегендер бар. Алар мындан ары кантишет?”.

“Салык төлөнбөсө, айлык берилбейт…”

Өкмөттүн атынан майыптыгы бар балдарды багуучуларды жалдаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар бир жеке ассистент менен жыл башында эмгек келишими түзүлөрүн билдирди. Ага ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелүү наристени баккан адам социалдык төлөмдү ишке ашырууга, айына ишкердик патент сатып алууга милдеттүү.

Аталган министрликтин Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана пенсия курагындагылардын төлөмүн өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова ата-энелер убара тартып, азыр төлөп жаткан салыктык каражат айдын аягында министрлик тарабынан кайра алардын эсебине которуларын айтат.

Ошондой эле ал ар бир жеке ассистент эмгек келишимине кол койгондо салык кызматынан патент алуу жана социалдык төлөмдү ишке ашырууга милдеттендирилгенин, азыркы тапта ата-энелер ар бир айда алдын ала жалпы суммасы миң сомго чейин салыкты төкпөсө, айлыкты төлөп берүү да токтоп каларын эскертти.

“Негизи эки жылдан бери өкмөт патент менен социалдык төлөмдү райондук бөлүмдөр аркылуу өзү эле ишке ашырып келген. Болгону быйыл эле ата-энелер бул жоопкерчиликти өзүнө алсын деп тартип өзгөрдү. Ошентсе да миң сомдон ашык чыгымды биздин министрлик азыркы алып жаткан 4900 сомдук айлыкка айдын аягында эсептик карточкасы аркылуу которуп берет. Салык кызматынан ушундай талап болгону үчүн ар бир кызмат көрсөткөн энеге же атага атайын жеке кабинет ачылып, электрондук түрдө айына миң сомдон кичине жогору сумманы төлөп туруу шарты түзүлдү. Мунун себеби, социалдык төлөм жасалса, үйдө иши жок олтурган эненин эмгек стажына кошулуп, ал кийин пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ал эми биздин министрлик жеке ассистентти жалдаганы үчүн салык мыйзамына ылайык патент алышы керек да. Ошентсе да өкмөт баары бир ата-эненин чөнтөгүнөн кеткен чыгымды толук төлөп берет”.

 

https://www.azattyk.org

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*