Учурда үй-бүлөнүн жүгүн тең көтөрүп жаткан аялдар. Ошентсе дагы социалдык тармактарда жакшы аял кандай болуш керек? Кыздар канткенде жакшы аял жакшы эне болушат? деген сын-пикир айткандар көп.
Жакшы аял кандай болот деген суроого аялдардын пикирин угалы. Жогорку окуу жайынын магистранты Айдана мындай дейт: “Жакшы аял дегенде үйдө отурган, тамак жасап, бала төрөгөн, баарынын сөзүн угуп бирок өз пикирин айтпаган аялды көз алдыга келтиребиз. Андай аял ар кимге жагам деп жатып өз каалоосун билбей калат. Менин баамымда өзүнө эмне керектигин так билген, турмушта максаты бар, өз ой-пикири калыптанган билимдүү кыздар жакшы аял болот. Анткени билимдүү кыздар жети өлчөп бир кесип турмуш курат, эне болууга даярданып, саламаттыгын чыңдап, бардык жагдайларды баалап анан төрөйт, келечекте намыскөй, чынчыл, эмгекчил балдар менен кыздарды тарбиялап өстүрө алат.
Мен дагы бир үйдүн келинимин. Күйөөмдү, кайнене-кайнатамды сыйлайм, кызмат кылам. Албетте, бош учурумда. Үй жумуштарын жолдошум экөөбүз тең жасайбыз. Базарга барып азык түлүк алган, бир жумада бир жолу үй жыйнаган, от жаккан, огородду карап баккан күйөөмдүн милдети. Тамакты болсо кечинде келип чогуу жасайбыз. Кайненеме оюмду ачык айтам. Азыр балабыз жок. Кийинчерээк балалуу болууну пландап жатабыз”.
Ак Өргө конушунун тургуну, тигүүчү, 46 жаштагы Жазира мындай дейт: “Мен 45ке келгенде турмуш курдум. Бизде “качан тийесиң күйөөгө” деп сурай беришет да. “Оой, жашың барып калыптыр, 30 дан өтүпсүн, күйөөгө тийип төрөп албасаң этиң катып кетет, качан күйөөгө тийесиң?” деп адамдын жеке турмушуна киришип, суракка алгандар четтен чыгат. Ал эмес олимпиада чемпиону Айсулуу Тыныбековага “эми сен спортту ташта, куйөөгө чык, төрөп балалуу бол, аялдын бактысы балада” деп соцтүйүндөрдө акыл айтып башташканын окудум.
Ошол үчүн тууган-уруктан алыс болоюн деп Россияга кетип калгам. Жаман эрге чыгып алып азапты башыма үйбөй, жалгыз жашаганым оң деген принципте жүрдүм. Ошол жактан күйөөм менен табыштык. Азыр күйөөм экөөбүз смендешип иштейбиз. Мен түнкүсүн тигүү цехинде иштейм, күндүзү күйөөм жумушка барат, балабызды кезектешип багабыз. Тамакты ким бош болсо жасайт, күйөөм үйдү жыйнайт, кирди жууйт. Мен жакшы аялмын, анткени үй тиричилигине сарамжалдуумун , акчаны орду менен урунам, тамак-ашты көгөртүп-сагартып ыргытпайм, кийим-кечекти өзүмө жарашыктуу тигип кийем. Ишти күйөөм менен кеңешип жасайбыз. Күйөөм да мени сыйлайт, аяйт.
Алыскы Атбашыдан шаардын чекесине көчүп келип, ижарадада жашап жаткан, 2 баланын апасы, 36 жаштагы Шайгүлдүн пикирин угалы: “Мени айылдын баары жакшы келин деп макташат. Өзүм билбейм, кандай киши экенимди. Күйөөм арак ичип келген күнү чыр-чатак, жанжал, тынчтык жок, кол көтөрөт. Айылдын элинин баары билет, күйөөмдүн кызыл камчы, жалкоо экенин. Бирок, “мына, аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы, хан жакшы”. Баланчанын аялы күйөөсүн жууп-тарап, той-ашка ээрчитип, жаман жакшысын билгизбейт деп макташат. Кайната-кайненем болсо мага ыраазы, “ушул көргөн күндөрүңдүн жыргалын көрөсүн, балдарың чоңоюп эр жетсе, баары унутулат, чыда, батабыз тиет” дешет. 15 жылдан бери батасы тиет деп келатам. Улуу балам 13 жашка чыкты. Чарбанын ички-тышкы жумуштарына өзүм чуркай берип ден соолугум начарлады. Эркек жакшы күйөө болуш керек, бала-чакасына кам көрүш керек, аялына бел болуп, үй чарбасын колдон-буттан алыш керек деп айтышпайт? Тамакты өзүңөр жасап ичкиле десем, “эркекке казан карматып” деп сын тагышат. 40ка чыкпай жатып, карып баратам. Акыры жаман аял болсом да өз күнүмдү көрөйүн деп, жыйналып, 2 баламды алып баса бердим”.
Психолог Гүлнур Жумалиева:
Көпчүлүк учурда аялдардын статусу анын билимине, иштеген ишине, акылына, жеке жүрүш-турушуна эмес, күйөөсү барына, балдарына, кийген кийимине, сырткы турпатына карап бааланат. Күйөөсү менен ажырашып кеткен аял төмөнүрөөк турат. Ошол үчүн кыргыз аялдары жаман болсо да жанымда эркек болсун көз карашта болот.
Жогоруда аялдардын эрки күчтүү аялдар. Алар башка адамдардын пикири, сыны таасир этпейт. Өздөрүнө жакшы шарт түзүп алууга далалат кылышат, ошол эле учурда жанындагы адамдын да шарты жакшы болушун каалайт. Мындай аялдарды эгоист деп мүнөздөгөндөр да чыгат. Бирок, ар бир адам биринчи кезекте өзүн сыйлай билгенде, жеке өзүнүн шартына кам көрө билгенде гана башкалардын каалоосун, пикирин сыйлай алат, аларга кам көрө алат. Кыргызда “өзүңдү өзүн сыйласаң жат жанынан түңүлөт” деп бекер айтпайт. Ошол эле учурда менин гана каалоом орундалышы керек деп аша чаап кетүү да жакшы натыйжага алып келбейт.
Россиялык психолог Мария Мелиянын: “мен балдарым үчүн жанымды берүүгө даярмын, бирок менин жашоом меники, аны мен өзүм жашайм. Мен бүт өмүрүмдү сага арнап, сен деп жашап келем деп ата-энеге, күйөөгө , балдарга догурунуу туура эмес. Бала өзүнүн жашоосу менен кошо энесинин жашоосун тарта албайт. Ар кимге өз жашоосун бериш керек” деп айтканы бар. Ар бир адам өзү каалагандай, бактылуу жашоого укуктуу.
***
БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды.
Leave a Reply