“МКЮЖ системасына жеткиликтүүлүк зомбулуктун жана укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтөт”

“Бүгүнкү күнү  сот адилеттигине, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасына жеткиликтүүлүк  автоматтык түрдө зомбулуктун жана укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтөт, жалпысынан өлкөнүн коопсуздугуна таасир берет” – дейт “Баланын укугун коргоочулар лигасы” Коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова. Ал МКЮЖны өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин ролу,   анын ишин канткенде күчөтүүгө  боло тургандыгын тууралуу айтып берди. 

Зомбулукка көп учурда эмгек мигранттарынын балдары дуушар  болушат.

Балдардын абалынын кескин начарлашына көп себептер бар. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо зарыл, ошону менен бирге, аларга өз убагында жардам көрсөтүүнүн эффективдүү системасын иштеп чыгуу керек. Балдарга каршы кылмыштардын алдын алуу боюнча иштиктүү чаралардын жоктугу  дагы аларга тийиштүү кам көрүлбөй жаткандыгынын натыйжасы болуп саналат. Фронттон келген кабарлар сыяктуу эле, күн сайын балдардын өлүмү  же аларга болгон  зомбулук менен мамиле кылгандыгы тууралуу кабарлар келип турат. 

Биздин республикада балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын жасаган аракеттеринин баары эле стандарттарга жооп бербейт. Алар оор турмуштук кырдаалда турган балдарды жана коркунучта турган балдарды коргоо жөндөмдүүлүгүнө ээ эмес. 

Бул абал бир заматта эле  пайда болгон жок. Абал акыркы 5-6 жылдын ичинде начарлап кеткен. Эмгек мигранттарынын агымы көбөйдү. Миграция мигранттын жеке жашоосуна гана эмес, үй -бүлө мүчөлөрүнүн баарына таасирин тийгизет.

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө кетип жаткандардын саны көбөйүүдө. Көпчүлүгү балдарын ээрчитип кете алышпайт, ошондуктан, аларды туугандарына, кошуналарына, тааныштарына, досторуна таштап кетишет. Ошол эле учурда, алар балдарын таштаган адамдар менен эч кандай келишим түзбөйт, анткени аларга жакшы мамиле жасашат деп үмүттөнөт.   Бирок иш жүзүндө андай болбойт. Баланы башка адамдар менен калтырган мүнөттөн тартып, баланын коопсуздугу автоматтык түрдө бир нече эсе төмөндөйт: бала аз тамактанат, балага болгон камкордук  ата -энеси бар учурдагыдай болбойт ж.б. 

Ата -энелер бардык жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды бала менен калган адамдарга жана жарым -жартылай мектепке жүктөшөт. Бала алсыз абалда калып калат. Практика көрсөткөндөй, көбүнчө зордук -зомбулуктун жана ырайымсыз мамиленин учурлары эмгек мигранттарынын балдарына карата болуп жаткандыгын турмуш өзү тастыктап турат.

Эмне кылуу керек?

Кырдаал начарлап кетти, ошол эле учурда мамлекет тарабынан социалдык кызматкерлердин саны көбөйгөн жок. Тескерисинче, балдарды коргоо боюнча адистердин саны күндөн күнгө азаюунун үстүндө. Азыркы учурда  райондук деңгээлдеги социалдык кызматкерлердин саны өтө эле аз.  

Балдарды коргоо жана үй -бүлөнү колдоо боюнча адистешкен бир дагы социалдык кызматкер жок. Үй -бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн бир кызматкерине жүктөлүүчү нормативдер жок, ал эми мындай көрүнүш кадрлардын алмашуусуна алып келет. Социалдык кызматкердин айлыгы 6-7 миң сомду түзөт.

Биз балдарды коргоо боюнча конкреттүү чараларга муктажбыз: адистерди даярдап, алардын эмгегине тиешелүү өлчөмдө туура акча төлөшүбүз керек. 

Турдубекованын пикири боюнча,  мигрант балдарды убагында  каттоого алып турушубуз зарыл. Аны менен бирге,  Кыргызстанда убактылуу ишеним катты расмий жана милдеттүү жоболоштуруу процедурасын  түзүү керек.  Калган балдарды  камкордукка алууга милдеттүү мамиле болушу зарыл. Ушул чаралар   мигрант ата-энелердин жана баланы алып калып жаткан туугандарынын жоопкерчилигин жогорулатат. 

Назгүл Турдубекова “Балдар жөнүндө  кодекстин”  жаңы редакциясынын долбоорун кабыл алууну тездетүү зарыл экенин айтты. Жаңы редакция Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынып,  Кыргызстандын президентине кол коюуга жөнөтүлгөн. Асырап алууну кечеңдетүү  балдардын абалынын, алардын коопсуздугунун жана укуктарын коргоонун  начарлашына алып келиши мүмкүн, деди ал.  

МКЮЖ системасына болгон сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк абдан маанилүү 

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасы өнүгө баштады. БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоору  биздин өлкөдө МКЮЖ системасын өнүктүрүүгө жана орнотууга чоң салым кошту. 

Эгерде мурда МКЮЖ  системасы тийиштүү каржылоонун жана көңүл буруунун жоктугунан улам жөнгө салынбаса,  азыр жакшы  жылыш бар. Мисалы, бекер юридикалык кызматтарды көрсөтүү оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдардын (алардын ата -энелери, камкорчулары ж.б.) адилеттүүлүккө жетүүсүн камсыздайт. Жөнөкөй эле алганда, кээ бир балдар көчөдө калышкан, мектепке барышкан эмес, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок канчалаган жылдар бою жашаган, документтеринин жоктугунан ата – энелери жөлөк пул ала албай калган учурлар болгон.

Мындай маселелерди чечүү менен биз жарандарды Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна жөнөтөбүз, ал жерде аларга консультация беришет  жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтө алышат. 

Акысыз кызматтар юридикалык көйгөйлөрдү чечүү менен гана чектелбестен, юридикалык билимди да жогорулатат, адамдар мамлекетке өз жарандарын кыйынчылыкка калтырбайт деген ишенимге ээ болушат. 

Эгерде адам сот адилеттигине жеткилүүлүк  ала албаса, ал кордук көрөт, иш жүзүндө өзүнүн негизги жарандык укуктарын колдоно албай калганы байкалат. Эгерде адам жардамга муктаж болсо, анын айланасында адам укуктарын сактоого мүмкүндүк берген атмосфера болушу керек. Укуктары сакталып жатканын сезгенден кийин, башкалардын укугун бузууга болгон каалоосу болбойт. Бул автоматтык түрдө зомбулуктун жана укук бузуулардын деңгээлин кескин түрдө төмөндөтөт жана өлкөдөгү жалпы коопсуздук атмосферасына таасирин тийгизет. Мына ошондуктан бүгүнкү күндө сот адилеттигине жеткиликтүүлүк, МКЮЖ  системасына жеткиликтүүлүк  абдан маанилүү. МКЮЖнын  ишин координациялоо жагынан илгерилетүүнүн алкагында адвокаттардын потенциалын аларга шарт түзүү аркылуу күчөтүүнү кароо зарыл.  

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы

Молдованын турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын коргоо боюнча тажрыйбасы көрсөтмө болуп саналат. Бул өлкө социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстанга окшош. Ошондой эле калктын миграциясынын деңгээли жогору. Бирок алар ата -энелери эмгек миграциясында жүргөн бардык балдар үчүн мониторинг жана баалоо системасын түзүүгө жетишти. Үй -бүлөлөрдү колдоо жана балдарды коргоо үчүн жакшы координация түзүлгөн. Мамлекеттен юридикалык жардам көрсөтүүнүн күчтүү системасы бар: документтерди, мыйзамдарды карап чыгуу жана мыйзамдарды аткаруу.  Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мониторингдөө жана баалоо системасы тынымсыз иштейт. Андыктан, Кыргызстан да тез арада бардык жерде  МКЮЖ системасын киргизиши керек, жана юридикалык жардам сурап кайрылууну билбеген бир дагы адам калбагдай болушу керек. 

Жаран мамлекетке толугу менен ишенгенгидей абалга жетишүү керек,  бул Кыргызстандын туура багытта өнүгүп жатканынын башкы көрсөткүчү.  

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*