МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДАР ЖАНА АЯЛДАРГА КАРАТА НЕГАТИВДҮҮ СТЕРЕОТИПТЕРДИ ТҮП ТАМЫРЫНАН БЕРИ ЖОЮУ БОЮНЧА ЭКИ СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Бүгүн 2021-жылы 6-октябрда  Бишкек шаарында журналисттердин жана блогерлердин арасында “Стереотиби жок жашоо!” жана “Ийиликтүү айылдык айым” аттуу эки сынактын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшыруу аземи болуп өттү.   

Сынактар 2020-жылдын 26-майында КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү долбоору менен биргеликте жарыяланган.  

«Бүгүн биз менен биргеликте генердик теңчиликти үгүттөгөн, майыптык темасын жаңы деңээлг көтөрүп жаткан журналисттерге жана блогерлерге рахмат айтуу үчүн мыкты шылтоо болуп турат.  Сиздердин чгармачылыгыңыздар адамдардын аң сезимин, адамдын ар кайсы нерселерге болгон мамилесин өзгөртөт. Биз журналисттер менен блогерлердин жалпы эле мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө кошкон  баа жеткис салымын жогору баалайбыз. Жалпы эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайм жана мындан ары да кызматташа беребиз деп ишенем»,деди КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары     Ализа Солтонбекова  сыйлык тапшыруу  аземинин жүрүшүндө.

Бул сынактарды уюштуруунун негизги максаты болуп, майыптыгы бар адамдарга жана айылдык айымдарга карата негативдүү стереотип мамилени түп тамырынан бери жоюуга, сот адилеттигине жана  укуктук мүмкүнчүлүктөргө болгон жеткиликтүүлүктү  кеңейтүүгө, майыптыгы бар адамдардын жана айылдык аялдардын позитивдүү образын түзүүгө  жардам берүү болуп саналат.  

“Бүгүнкү чындык  майыптыгы бар адамдардын  көпчүлүгү адистештирилген мекемелерде жашап, окуп жаткандыгын көрсөтүүдө. Аларга дайыма жардамга муктаж адамдар сыяктуу мамиле кылынат. Биз бул эскирген стереотипти өзгөртүп, коомдун аң -сезимин өзгөртүшүбүз керек. Биздин коом медициналык мамиледен социалдык жана адам укуктарына болгон мамилесин өзгөртүп, майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди жок кылышы керек. БУУӨП ошондой эле гендердик теңчилик идеяларын активдүү илгерилетет, аялдардын билим алуу, ишкердүүлүк идеяларын колдойт, аялдардын өлкөнүн коомдук жана саясий турмушуна катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзөт” –  деди Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлчүлүгү программасы боюнча кеңешчиси Эркин Касыбеков  жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземинде, – “Аялуу топтордун укуктарын алга алып чыгуу менен жана аларга толук  кандуу жашоо үчүн шарттарды түзүү менен, биз толеранттуу, жетиштүү, бай инклюзивдүү коомду түзүп жатабыз, ал жакта ар бир адам бактылуу боло алат» 

«Бул сынакка катышуу үчүн мен ийгиликтүү айылдык аялдардын образын жаратуунун үстүндө иштеп, терең анализ жүргүздүм. Биздин арабызда жасаган ишин эч кимге жар салбай, тынч эле тоодой эмгек жасаган аялдар арбын экен. Алар үй-бүлөөсүн эле эмес, жалпы коомду алдыга сүйрөп, эл агарткан иштерди жасап жатканын көрдүм. Мындай образдарды башкаларга үлгү катары байма бай жаратып туруу керек. Айылдык аялдардын ушундай суктанаарлык образын жаратууга бизге стимул, мотивация берген сынактын уюштуруучуларына алкыш айтам” – дейт сынактын жеңүүчүсү, Ыссык-Көл медиа борборунун корреспонденти Жанара Сагындыкова.  

«“Мен бала кезден эле стереотиптер башкарган коомдо өстүм. Эжем менен карындашым көзүнөн майытыгы бар. Чын айтсам, жакынкы жылдарга чейин аларга жеңил болсун деген ойдо алар үчүн чечим чыгарып, тандоосуна кийлигише берчүмүн. Алар мен сыяктуу толук кандуу жаран, АДАМ экенин жакында эле түшүндүм. Ушуну түшүнбөгөнүм үчүн өзумдүн акыл-эсимде майыптык бар экенин билдим. Эжем менен карындашымдын жашоосун анализдеп көрсөм, алардын ийгиликтери арбын экен. Эгер майыптыгы бар адамдарга боор ооруган көз караш менен эмес, инсан катары карасак, алардын да, өзүбүздүн да жашообузду жаркын кылат экенбиз» – деп сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири, “Азаттык Медия” кеңсесинин журналисти Санжар Эралиев өз пикири менен бөлүштү. 

 

Бардыгы болуп сынакка 47 медиа материал келип түштү. Сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечими менен жеңүүчүлөр деп жарыяланды:  

 

Журналисттердин арасында «Стереотиби жок жашоо» сынагы:

1-орунду «Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан Арстанбек» материалы менен «Азаттык» радиосунун фотожурналисти  Гүлжан Турдубаева алды – https://www.azattyk.org/a/arstanbektin-paralimpiadaga-dayardygy/31321787.html?fbclid=IwAR1eU4bgc0GNNq59A0h2JmSj1aj_8yYma1egv-APERF21xl1TvCKOHfq0eo

2-орун  “ЭлТР” телеканалынын журналисти  Жазгуль Сейдакматовага «У. МУРАТАЛИЕВА: “МАКСАТТЫ ДЕН СООЛУККА БАЙЛАБАШ КЕРЕК» материалы үчүн ыйгарылды  – https://www.youtube.com/watch?v=59dYjGYKAP4

3-орунду  ЧЕГИ ЖОК ЖАШОО материалы үчүн «ЭлТР» Телеканалынын редактор-корреспонденти  Асаналиева Мээрим  ээледи  https://youtu.be/OlSqHYJDHKM

Шыктандыруучу байге  “Мектеп кол жеткис кыял бойдон калды”   материалы үчүн  “Азаттык” Медиасынын кабарчысы Санжар Эралиевге ыйгарылды – https://www.azattyk.org/a/nadira-lutsia-/31309146.html

 

Блогерлердин арасында «Стереотиби жок жашоо» сынагы:

1-орунду  «Стереотипсиз жашоону жайылтууда ата эненин ролу» материалы үчүн Базарова Нарынгуль ээледи –  https://www.instagram.com/p/CSmYjRFoCp5/?utm_medium=copy_link

2-орун  «НЕБЕРЕМ АТАЙДЫН САБАГЫ» материалы үчүн  Курсанай Саиповага ыйгарылды https://www.instagram.com/p/CSdk7rmKRv-/?utm_medium=copy_link 

3-орунду    «Жизнь без барьеров» (Тоскоолдугу жок жашоо) материалы үчүн  Шабдан Жакшыбаев ээледи  https://www.facebook.com/100003545128448/posts/4005054722955992/?d=n

 

Журналисттердин арасында «Ийгиликтүү айылдык айым» сынагы

1-орунду  “АзияТВ” телеканалынын кабарчысы Гульжан Ажиматова төмөнкү материалдар сериясы үчүн утуп алды: 

«Өзгөчө ишкердиктин түрү менен алектенген ишкер айым» – https://www.youtube.com/watch?v=OwqWBO6tl94 

«Тоо туризмин өнүктүргөн ишкер айым» – https://www.youtube.com/watch?v=1sZ_BqEoM6c&t=4s 

«Тоо койнундагы алгачкы бала бакча» –  https://www.youtube.com/watch?v=o60MPYd1HDE 

2-орун  Ысык-Көл медиа борборунун кабарчысы Жанара Сагындыковага  «Үй шартында гүл өстүрүп ишин жайылткан жаш ишкер» материалы үчүн ыйгарылды –https://www.youtube.com/watch?v=rjm226BJo8Q

3-орун  «Декор из натуральной шерсти» (Нукура жүндөн декор) материалы үчүн «Пирамида»   Телеканалынын кабарчысы Айзада Орунбаевага ыйгарылды. Барскоон айылынын  аялдары өз товарларын чет өлкөгө жөнөтүшөт https://youtu.be/Lmbyx4NwB-o

Шыктандыруучу байге менен  Талас медиа борборунун кабарчысы  Гулназ Батырбекова сыйланды, анын л “Үйдө олтуруп эле торт жасап бизнес жүргүзгөн айылдык айым” материалы мыкты деп табылды  https://youtu.be/ies2RiiFfHI 

 

 Блогерлердин арасында «Ийгиликтүү айылдык айым» сынагы

1-орунду   «Мечты любят тишину» (Кыялдар тынчтыкты жактырат)   материалы үчүн Бек Беков утуп алды https://www.instagram.com/p/CSmVe1Ts725/?utm_medium=copy_link

2-орун төмөнкү матералдары үчүн  Дариха Мамбетовага ыйгарылды: 

«Эмгекчил айым» –https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1267266890364047&id=100012422444513

«Кыздары кыйын кыргыздын» –  https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=1270970406660362&id=100012422444513

3-орун  «Рахмат сага жене» материалы үчүн  Айнур Аманкуловага ыйгарылды https://www.instagram.com/p/CSb7VlMoR6Y/?utm_medium=copy_link

Шыктаныруучу байге менен  Үмүт Айтбаева сыйланды, анын  «Менин апам Айтпаева Гульзина Толобаевна  Ийгиликтүү айылдык ишкер айым» материалы мыкты деп табылды  – https://www.instagram.com/p/CSl2UAeMwtG/?utm_medium=copy_link

Сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана баалуу белектер: ноутбуктар, уюлдук телефондор жана букридерлер менен сыйланышты.

 

ОБЪЯВЛЕНЫ ПОБЕДИТЕЛИ ДВУХ КОНКУРСОВ ПО ИСКОРЕНЕНИЮ НЕГАТИВНЫХ СТЕРЕОТИПОВ В ОТНОШЕНИИ ЖЕНЩИН И ЛИЦ С ИНВАЛИДНОСТЬЮ

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*