Майыптыгы бар адамдардын укуктары корголбосо жардамга муктаж болуп кала берет

“Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” Коомдук фонду 2001-жылы түзүлгөн. “Биздин уюм ар тараптуу иш алып барат. Эмгек укугу, кылмыш иштери, социалдык коргоо багыттарында иштейт. Ар бир багытта өзгөчө эсте калган иштер болот” – дейт фонддун президенти Толкунбек Исаков. 

Толкунбек Исаковдун айтымында, фонд пандемия күчөп турган кезде азык-түлүккө муктаж майыптыгы бар адамдардын тизмесин алып министрликке берип, ортомчу катары жардам берген. Бул учурда фондго майыптыгы бар адамдардын эмгек укуктары боюнча кайрылгандар дагы көп болгон. 

“Пандемияга байланыштуу айлык ала албай калган же жумуштан бошотулган майыптыгы бар жарандар – “Бизге кандай кепилдик берилет. Майыптыгы бар адамдарга карата колдонулган кепилдиктерди колдонуп, маяна акыбызды алсак болобу” деп кайрылышты. Биз аларга юридикалык жардам көрсөтүп, колдоп турдук” – дейт фонддун жетекчиси. 

Жакында фондго укалоочу болуп эмгектенген майыптыгы бар адам кайрылган. Ал он беш  жылдан бери 8 пайыз социалдык төлөмдөрдү төлөп келген. Мыйзам боюнча майыптыгы бар адамдардан 2 пайыз социалдык төлөм кармалыш керек. Фонд мекеме менен сүйлөшүп ортодогу айырманы өндүрүп берүүгө жетишкен. 

Дагы бир мисал Караколдо 4 жаштагы бала ойноп жүрүп трансформаторго кирип токко урунуп, анын кесепетинен майыптык алган. Териштире келгенде, ал трансформатор электр уюмуна мыйзамсыз карагандыгы маалым болгон. Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер сакталбай, трансформатордун айланасы ачык калтырылган. “Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” Коомдук фонду ошол мекеме менен соттошуп, жыйынтыгында баланын үй-бүлөсүнө 3,5 млн сом өндүрүп берген. Тилекке каршы ал бала майыптык алып калды. Кийин ошол эле баланы мектепке кабыл албай коюшканда, мектеп менен сүйлөшүүлөргө барып, ал баланын билим алуусуна да себепкер болушкан. 

“Биз майыптыгы бар адамдарды коомдун жашоосуна ар тараптуу активдүү катышкан мүчөсү катары тарбиялашыбыз керек. Ал үчүн алардын укуктарын ишке ашырыш керек. Майыптыгы бар адамдардын укуктары тынбай бузула берсе алар коомдун жардамга муктаж тобу бойдон кала берет” – дейт Толкунбек Исаков. 

*** 

Материал БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында даярдалды. 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*