ЭЛДИК КАБАР: “Ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да 5 балама жөлөк пул албай келем” дейт Токтогулдун тургуну

SUPER.KG порталынын “ЭЛДИК КАБАР” бөлүмүнө жөлөк пул боюнча кайрылган окурмандардын саны арбын. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну. Ал 7 баласы бар экенин, алардын ичинен бешөөнө жөлөк пул чыгара албай жатканын айтты.

“Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында да жөлөк пул алуу курч маселе. Себеби менин 7 балам бар, анын бешөөнө жөлөк пул алыш тозок. 6 ай документ даярдап да алган жокпуз. Каза болгон атаңдын кара кагазы жана башка деп жатып дагы деле жөлөк пулдан дайын жок.

Айылда отуз-кырк ую бар, катар тамдары барлар жөлөк пул, пенсия алышат. Мен ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелген болсом да пенсия, жөлөк пул албайм же иштебейм”, – деп билдирди жергиликтүү тургун.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, коррупциянын айынан жөлөк пул чыгаруу кыйынчылык туудурганын айткан.

https://www.super.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*