Жыпар: “Ала качуудан тагдырым талкаланды! Кыздар, отуруп калбагыла!”

Алты бир туугандын кенжеси, Жыпар ал кезде фармацевтикалык факультеттин 2-курсунун студенти эле. Окуу жайды аяктап, өзүнүн жеке дарыканасын ачып ак халат кийип, элдин ден-соолугуна кам көрүп иштесем деп кыялданчу.

Окуп жүргөн учурда Жыпарды ата-энеси “келип жардам бер” деп айылга чакырган. Чындыгында алар бир жигит менен тааныштыруу максатын көздөгөнүн кыз билген эмес. Жигит таанышмакчы болуп кызды жолугушууга чакырып, ошол жерден эле ала качып кеткен.

Ата-энем бардар турган үй-бүлө, турмушка чыксын деп өзүбүздүн эле айылдан бир жигит менен тааныштырган. Мен ал балага жолукканда ага турмушка чыкпасымды айтсам да, ой-боюма койбой ала качып кетти. Аны менен жашаганды эч каалаган жокмун. Үч күндөн кийин кайтып келсем, ата-энем кабыл албай койду. Бизди ыраазы болсун десең ошол жигитке турмушка чыгасың”, – деп ыйлаганыма карабай, күйөөмдун колуна салып беришкен”, – деп эскерет ал күндөрүн Жыпар.

Жыпар сыяктуу ала качууга дуушар болгон кыздардын окуяларын чагылдырган “Айкын Багыт” коомдук фонду ала качууга түрткөн себептерди кыздар арасында изилдеп көргөн. Изилдөөдө ала качууга түрткөн бир канча себеп айтылат.

Изилдөөдө, “Сизди эмне үчүн ала качты деп ойлойсуз?” деген суроого кыздардын 25%ы “бир көрүп сүйүп калган”, 24%ы “сезимдери жоопсуз калат деп корккон” деген жоопторду беришкен. Мындан сырткары, сурамжылоого катышкандардын 22%ы “достору менен мелдешкени үчүн”, 14%ы “жөн эле кызык болгону үчүн” деп билдиришкен.

Ушул сыяктуу себептердин арасында жигиттин ата-энеси, чөйрөсү, экономикалык жана социалдык абалы ала качууга чоң түрткү болоору белгиленет.

Анын сыңарындай Жыпарды ала качууга эки тараптын ата-энелери себепчи болуп, алдын-ала сүйлөшүп алышкан.

Кыздардын көпчүлүгү ушундай сыяктуу же башка себептер менен ала качууга кабылышат. Башкы прокуратуранын статистикасына таянсак, 2020-жылы өлкө боюнча 212 кыз ала качууга кабылган.

Ал эми 2010-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта 766 ала качуу фактысы катталган. Бул жылдар аралыгындагы маалыматка таянсак, акыркы эки жылда ала качуунун саны кескин көбөйгөн.

Ошондой эле, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси боюнча 14 адамга карата 9 жазык иши сотко өткөн.

Бишкек шаардык жана Чүй областтык адвокаттар коллегиясынын мүчөсү Асель Рысбаеванын айтымында, ала качуу бул – кылмыш жана ага карата жазалар күчөтүлгөн.

 

Жаңы кабыл алынган Кылмыш кодексине ылайык ала качуу үчүн жаза күчөтүлдү. Бирок, ал мыйзам азырынча күчүнө кире элек. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми 17 жашка чыга элек адам менен иш жүзүндө нике мамилесин түзүүгө мажбурлоо үчүн 200 миң сомго айып пул салынат. Ошондой эле, беш жылдан он жылга эркинен ажыратылат”, – дейт Асель Рысбаева.

Ошондой эле, жаңы Кылмыш кодексинде үйлөнүү максатында ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Жаңы эрежелерге ылайык, ала качкан жаранды 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Каарманыбыз Жыпар жолдошу менен беш ай жашап, үч айлык кош бойлуу кезинде ажырашып кеткен. Себеби, жолдошу баш кошкон күндөн тартып ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, денесинен көк ала кетчү эмес. Кээ күндөрү алып качып күйөөсү болуп алган адам Жыпарды тамак-ашсыз үйүнө бекитип кетип, жумалап үйгө келбей койчу. Андай күндөрү ачка болгонунан Жыпардын ашказаны ооруп жатып калчу.

Мындай кордуктан улам ата-энесинин үйүнө кетип калайын десе, (алар) өз ата-энеси “Чыдагын! Бир айылдан болсок элдин бетин кантип карайбыз” деп кызын колдобой коюшкан, эл эмне дейт деп куру намыстанышкан.

Зомбулукту чыдап жеңүүгө болбойт. Аны тамырынан кыркып жок кылуу керек. Ал эми “эл эмне дейт” деген нерсе адамдар өздөрүнүн түшүнүгүнө жараша ойлоп таап алган нерсе. Менимче сен эмне болуп атканың элге баары бир. Ар бир адам бактылуу жашоосу үчүн өзү күрөшүүсү керек. Башка бирөөгө өзүңдүн тагдырыңды чечүүгө мүмкүнчүлүк бербеш керек экенин эми түшүнүп атам” – дейт каарманыбыз Жыпар.

Ошондой күндөрдүн биринде кош бойлуу экенин билип, анализ тапшыруу үчүн 1870 сом сураса, кайненеси баш болуп чыр салып, ата-энесинин үйүнө жеткирип баса берген.

Беш ай ичинде кандай гана кордуктарды көргөн жокмун ошол бөтөн үйдө”, – дейт Жыпар.

Ошондой эле, Жыпар менен күйөөсүнүн расмий никеге турган күбөлүгү жок болуп, уулуна атасынын фамилясын берип, алимент бөлдүрүп алуу дагы кыйынга турган.

Азыр уулум 2 жашта. Баласын бир да жолу сурап койгон жок. Ал тургай көргөн да эмес. Сот аркылуу 4100 сом алимент бөлдүрүп алгам. Учурда аны да төлөбөй жүрөт”, – дейт ал.

Конституцияга ылайык, нике Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан расмий катталышы керек. Молдо тарабынан кыйылган никенин мыйзамдуу күчү болбойт. Расмий никеси катталбаган жубайлар арасында мүлктүк жана жеке укуктар жок дегенди билдирет жана алар расмий түрдө жубайлар болуп саналышпайт.

Экинчиден, үй-бүлө катары расмий каттоодон өткөндүгү туурасында документтин болушу ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Ал документтер көз жарган ымыркайга атасынын ысымын берүүгө, керектүү фактыларды далилдөөдө жана укуктарды коргоодо жардам берет.

Мисалы, расмий нике жок болсо, айымдар Жыпардын тагдырындай тагдырга кабылып, баласына атасынын фамилясын ала албай убараланып калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар бир жаран никени официалдуу түрдө документтештирүүсү шарт.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, ала качуунун натыйжасында эки тарап тең жабыркайт жана ала качууга таанышууга жөндөмү жок, байланыш түзө албаган, жаш курагынан өтүп бара жаткан адамдар барышат:

Менин тажрыйбамда мындай учурлар көп кездешет. Бул учурда кыз тааныбаган адам менен турмуш курууга мажбур болуп жатса, эркек киши өзүнүн чечкинсиздигин көрсөтүп коет. Мунун кесепетинен көп адамдар жабыркап келет”, – дейт укук коргоочу.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада менен Бурулайдын окуясы…

Эске салсак Бишкек шаарында, ала качуудан улам каза тапкан Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген. Кыздын адвокаттары өлтүрүлгөнгө чейин Айзада зордукталганын дагы айтып чыккан. Бул окуяга катышкан адамдар көмөк көрсөтүп ала качууга жардам көрсөткөн эркектер кармалып, камакка алынган.

Мындай оор кайгылуу окуя 2018-жылы да катталып, анда 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан кылмышкер бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет жасаган.

Ушул окуядан кийин бир катар милиция кызматкерлери жазага тартылып, айрымдары кызматтан четтетилген.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай менен Айзаданын тагдыры баарыбызга сабак болушу керек.

Гендердик маселелер боюнча адис Римма Султанованын айтымында, ала качуу салт эмес. Кыргыздар эч качан күч менен алып качып үй-бүлө курчу эмес. Ала качып жаткан тааныбаган адамдар кыздын каалоосуна каршы иш жасап жатканын баамдашпайт. Ушундан улам, аял менен эркектин ортосунда зомбулук маселеси жаралат.

Ала качууда кыздын пикири менен эч ким эсептешпейт. Аны ала качкан бала да, ата-энеси да. Мисалы, алып качкан жигит “бул кыз меники болот” деп ойлонсо, кыздын ата-энеси “бизди элге уят кылбай отуруп кал” деп айтышат. Ала качкан адам кыздарды буюм катары эсептейт. Кийинки жашоосунда да бала аялынын пикири менен эсептешпей, аны кадимки эле буюм катары көрөт. Мындан улам зомбулук да барган сайын күч алат. Менин пикиримде, бул – кулчулукка да кирип кетет. Мунун кесепетинен кээ бир кыздарыбыздын жашоосу таптакыр бузулат. Себеби, ала качууга кабылган кыздын психологиясы да бузулат“, – дейт Римма Султанова.

Ошондой эле, Римма Султанова, кыргыздын айрым стереотиптик сөз караштары да кыздардын жашоосуна чоң таасир тийгизээрин айтат.

“Биздеги эң күчтүү стереотип ар бир аялдын көйөсү болуш керек. Күйөөсү жок болсо “Бул бузулган аял… Бул жаман аял…” деген түшүнүктөр пайда болот. Мындан улам эркектердин аял затына болгон мамилеси да өзгөрөт. Негизи ар бир эркектин да, кыздын да тандоого укугу бар”.

Зордук менен башталган жашоо кордук менен уланаарын, жакын адамдарынын катышуусунда ала качууга кабылып, тагдыры талкаланган кыздар көп экендигин “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова айтат.

Ала качып баш кошкон үй-бүлөдө зордук-зомбулук болбой койбойт. Мындай учурда, айрым келиндер “баламды атасыз калтырбайын” деп чыдап жашашат. Бирок, ошол ызы-чууда чоңойгон балдардын психологиясы бузулуп, келечектеги жашоосуна таасир берет. Ата-энелерге, жеңелерге кызыңарды бактылуу кылам деп ала качтырып бактысына балта чаппагыла деп айтат элем”, – дейт Бүбүсара Рыскулова.

“Мен алдыга максат койгон, окууга умтулган, өзүмдүн пландарым бар кыз элем. Бирок, күтүүсүз болгон ала качуунун айынан менин жашоом бузулду. Ошол учурда ата-энемден да колдоо тапкан жокмун. Менин башыман өткөн окуя башкаларга да сабак болсун. Ала качууга макул болуп отуруп калбагыла. Ала качуу бул кылмыш, бул адамдын тагдырын талкалап, кыялдарын тебелеген нерсе.“, – дейт Жыпар.

Ала качууга кабылганда биринчи кандай кадамдарды жасаш керек?

  • Ала качууга кабылып калган учурда, кыз таптакыр каршы экендигин айтып, арыз жазып ала качууга катышкандардын баарын түрмөгө каматып салаарын, эч качан баш ийип отуруп калбашын айтып каршы турушу керек.
  • Ички иштер министрлигине кеңери маалымат берүү үчүн, күбөлөр унаанын маркасын, номерин эстеп калышы шарт.
  • Телефон чалууга мүмкүнчүлүк болсо, “102” же “117” ишеним телефон номерлерине чалып, сизди ала качып баратканын, машинанын маркасын, номерин айтууга аракет кылуу зарыл.
  • “112 Кыргызстан” мобилдик тиркемесинин жардамы менен зомбулук болуп жаткан жерден аудио же видео жөнөтүүгө болот.
  • Милицияга арыз жазуу керек. Арызды укук коргоо органдарына уурдалган жабырлануучу өзү, анын достору, туугандары жана милиция бөлүмүнүн күбөлөрү бере алат.
  • Кызды уурдаган адамдын туугандары тарабынан айтылган сөздөргө, жасалган мамилелерге даяр туруш керек. Каргыштан кыпындай да коркпош керек!
  • Ата-энелер кыздарына аларды ала качып кетишсе, сөзсүз алып кетишерин алдын ала үйдөн айтып, маалымат бериши шарт. Мындай байланыштын жоктугу адистердин айтымында, мажбурлоо менен никеге турууга алып келет.
  • Артыңыздан кубалап келгендерге, кандай жагдай болбосун баары бир отурбай тургандыгыңызды жеткиликтүү кылып айтыңыз.

Ала качууну токтотууга эмне жардам берет?

Адистердин айтымында, аялдарды никеге тургузуу максатында уурдоо фактысы боюнча арыздарды кароодо ИИМдин жана соттордун ишине талаптарды жогорулатууга багытталган укуктук механизмдер менен токтотууга болот. Ошондой эле уурдаган адам, анын шериктери мыйзам чегинде толук жазаланышы керек. Соттор жеңилдетүүчү жагдайларды табууну токтотушу керек.

Автор: Кымбат Турдубекова

Редактор: Дилбар Алимова

Материал Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин аялдар жана кыздарга карата зомбулукту жоюга багытталган “Теңдик нуру” Программасынын колдоосунда даярдалды.

Материалдарда берилген пикирлер Бириккен Улуттар Уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын, алардын программа / долбоорлорунун же өкмөттөрдүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулган белгилөөлөр кайсы бир өлкөнүн территориясынын же аймагынын, же алардын чек-араларынын укуктук статусуна тиешелүү ойду бербейт.

https://pk.kg/news/22361

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*