Адвокат мыйзамдын жана кардардын кызыкчылыгынын негизинде иш алып барат

“Биздин өлкөдө «Адвокаттардын иш сапатынын стандарттарын» иштеп чыгуунун жана жайылтуунун негизги максаты мамлекеттин эсебинен квалификациялык юридикалык жардамга  муктаждарга өз убагында жана сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Экинчиден,  стандарттарды сактоо адвокаттарды негизсиз дооматтардан жана даттануулардан коргойт “Бул тууралуу юридика илимдеринин кандидаты, доцент, ушул документти иштеп чыгуучулардын бири Калыбаева Алия Абдысатаровна өз пикири менен бөлүшту. 

– Бул стандарттар эмнени түшүндүрөт? 

– Бул стандарттар адвокаттын эл аралык актыларда, учурдагы мыйзамдарда каралган процесстик иш-аракеттердин сапатына карата коюлган талаптар. Ошондой эле адвокаттык практикада иштелип чыккан, анын натыйжалуу иш алып баруусуна мүмкүндүк берген жалпы жана конкреттүү учурларда ишти уюштуруунун ыкмалдары жана жолдору.

 – Буга окшогон документтер башка мамлекеттерде да барбы?  

– Адвокатын иш сапатынын стандарттарын кабыл алуу идеясын биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алганбыз. Биздин өлкөдө БУУӨПтүн жана “Кыргызстан Сорос” Фондунун колдоосу менен иштелип чыккан  “Адвокаттардын иш сапатынын стандарттары” гана бар. Юристтердин эл аралык коомчулугу көптөгөн документтерде камтылган юристтердин  кесиптик ишмердүүлүгүн камтыган эл аралык стандарттарды иштеп чыгышкан.

 – Кайсы документтерде, биздин окурмандарга да кенен маалымат бере кетесизби?  

– Юристтердин   кесиптик ишмердүүлүгүнүн эл аралык стандарттары төмөнкү  документтерде камтылат:   

  1. Юридикалык кесиптин көз карандысыздыгынын Эл аралык Юристтер ассоциациясынын Стандарттары (1990),
  2. Деонтологиялык кодекс (Европа коомчулугунун адвокаттарынын  адвокаттык ишмердүүлүгүнүн ишке ашыруусунун практикалык кодекси) (1988),
  3. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жүрүм-турум кодекси (1979),
  4.  Сот органдарынын көз карандысыздыгынын негизги принциптер (1985),
  5. Кылмыштын жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандардын курмандыктарына карата сот адилеттигинин негизги принциптеринин Декларациясы (1985),
  6. Жашы жетпегендерге карата сот адилеттигин орнотуу  боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Минималдуу стандарттык эрежелери (Пекин Эрежелери) (1985)
  7. БУУнун VIII конгрессинде кабыл алынган Адвокаттардын ролу туурасында негизги жоболор    (1990), 
  8. Кылмыштуулукту алдын алуу жана укук бузуучулар менен баарлашуу боюнча БУУнун биринчи конгрессинде кабыл алынган, камактагылар менен баарлашуунун минималдуу стандарттык эрежелери   (1955)  ж.б. 

Албетте, ар бир мамлекетте улуттук сот тутуму жана сот өндүрүшү, мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмү жана мыйзамдар тутуму менен шартталган адвокатура жаатында өзүнүн салттары жана өзгөчөлүктөрү бар.

-Кабыл алынган стандарттардын аткарылышы кандай жол менен көзөмөлгө алынат?  

– Азыр эч кандай жол менен көзөмөлдөнбөй  жатат. Учурда жарандык иштер боюнча квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча методиканын долбоору иштелип жатат. Бирок бул учурдагы кырдаалды көрүү максатында гана жасалып жатат. Келечекте квалификациялык юридикалык жардамдын сапатын баалоо методикасын иштеп чыгуу зарыл.

 – Стандарттар кардарлардын укугун коргоого багытталган деп айтууга болобу?     

– Кардарлардын гана эмес. Стандарттарды киргизүү, биринчи кезекте юридикалык кызматын сапатын сактоого багытталган, экинчиден, стандарттарды сактоо адвокаттарды негизсиз дооматтардан жана даттануулардан коргойт. Мындан тышкары, иштин жүрүшүндө ар кандай кырдаалдар болушу мүмкүн: эгер адвокат ар кандай себептер менен ишти аягына чыгара албай калса, ишти уланткан башка адвокат жактоочунун укугун коргоо үчүн мурунку адвокат эмне кылгандыгын ушул документтердин негизинде таанышып алат.

 – Демек, стандарттар — бул берилген алгоритмдин негизинде жүргүлулгөн адвокатын иш аракеттеринин документациясы экен да?  

Туура. Адвокаттын бардык иши ар кандай документтерди: арыздарды, даттанууларды, жазуу жүзүндө кайрылууларды, талаптарды, арыздарды, сот актыларын жана башка документтерди даярдоого, тапшырууга жана чогултууга негизделген. Адвокат  аткарган иш-аракеттердин ар кандай алгоритми документтер менен тастыкталат. Стандарттар бул ишти атайын тартип менен жөнгө салууга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, алгоритм боюнча жасалган иш-аракеттерди документтештирүү, юристтин ишине мониторинг жүргүзүүгө,  адвокат чындап иштегенин же жөн гана “унчукпаган күбө” болгонун  көзөмөлдөөгө жардам берет. Кандай болгон күндө да , адвокат  мыйзамга жана өзүнүн коргоосундагы адамдын кызыкчылыгынын негизинде иш алып барууга тийиш.  

Адвокаттын аракеттерине болгон минималдык талаптар менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын advokatura.kg сайтынан тааныша аласыздар. 

Маалымат булагы: “Кабар” маалымат агенттиги  

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*