Укуктук маданият алгач бийлик ээлеринде калыптануусу зарыл

Бизде коомдук турмушту жөнгө салган мыйзамдар начар деп айтуу мүмкүн эмес. Кеп алардын аткарылышында гана. Митингге, пикетке, жүрүшкө чыккандар, жол тоскондор ж.б. нааразалык акцияларын уюштургандар аларды мыйзам боюнча жасайбы? Ошонун баары биздин укуктук маданиятыбыздын, укуктук билимибиздин жоктугунанбы? Биздин өлкөдөгү коомдук процесстерди иликтөөчүлөрдө акыркы кезде укуктук нигилизм, укуктук маданиятсыздык, укуктук аң-сезимдин деформациясы, укуктук инфантилизм, ал турсун анархия дегенге чейинки түшүнүктөр колдонулууда.

Ош мамлекеттик университенин “Укук таануу” кафедрасынын ага окутуучусу Айгул Осмонованын  “Укуктук нигилизмди жоюунун жолдору” деген иликтөөсүндө (Вестник КРСУ, 2015, 15-том, № 2) “Бүгүн мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө укуктук билим өзгөчө бир бузулууга – укуктук билимдин деформациясына туш болууда. Буга укуктук нигилизмди, укуктук инфантилизмди же жетилбеген укуктук аң-сезимди, тетири укуктук радикализмди жана адеп-ахлактык-укуктук конформизмди кошууга болот”, – деп жазат.

Бул бир караганда карапайым калктын укуктук сабатсыздыгы, укуктук билимди көтөрүүнүн, укуктук маданиятты калыптандыруунун зарылдыгы сыяктуу гана көрүнөт. Ошентсе да көйгөйдү иликтөөчүлөрдүн дээрлик баары бул карапайым калктын эле эмес, бүтүндөй коомдун оорусу экенин белгилешет. Карапайым калк мыйзамды билбегенден мыйзамсыз иштерге барып жатпаганын, бийлик ээлеринин мыйзамсыз аракеттери калкты да ошондой иштерге түртүп жатканын айтышат.

Россиялык укук иликтөөчү окумуштуу Н. Матузовдун пикири боюнча укуктук нигилизм деген мыйзамды атайылап басмырлап, текеберленип, ишенбөөчүлүк менен кабыл алуу. “Бул биринчи кезекте мыйзамдарды жана башка норма актыларын атайылап бузуу, мыйзамдуулукту максаттуулукка алмаштыруу, адамдын жашоого укугун, ар-намысын жана кадыр-баркын кетирүү сыяктуу адам укуктарын бузуу кирет. Бийликтин компетентсиздиги жана натыйжасыздыгы укуктук нигилизмдин эң терең булактарынын бири” деп калыс белгилейт Н.Матузов (Вестник КРСУ. 2015. 15-том, 19-бет). “Мамлекеттик бийлик чөйрөсүндө гүлдөп өнүккөн ведомстволук укуктук нигилизм коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө өзгөчө коркунуч келтирет.

Ушул абалга кандайдыр бир оң таасир тийгизүү максатында Юстиция  министрлиги Кыргыз Республикасында 2016-2020-жылдарда калктын укуктук маданиятын көтөрүү стратегиясын кабыл алган. Концепцияны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору колдоо көрсөтүп келет. Бул документти иштеп чыккан кесипкөй адистердин айтымында, мамлекеттин негизги максаты – жарандарда мыйзамды сыйлоо сезимин өнүктүрүүгө шарт түзүү болуш керек. Ал үчүн укуктук аң-сезимди кичинекейинен баштап калыптандыруу керек деген тыянакка келишкен.

 “Укуктук маданият тууралуу кеп кылганда көпчүлүгү “аны ким сактап атыптыр”, “биринчи өзүндү карап алчы” деген пикирлер айтылат. Менимче ар ким өзүнөн башташ керек. Ар бир адам өзүн оңдосо коом оңолот, эл өзгөрөт, мамлекет өнүгөт. Мыйзам чоң кичинесине, ээлеген кызматына карабай баарына бирдей иштеген күндө укуктук маданият өсөт. Мыйзамдын үстөмдүгү орногон коомдо укуктук маданият жогору болот” – дейт Рита Карасартова, юрист эксперт.    

Ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлү Темир Ажыкуловдун айтымында, мыйзамды так аткаруунун жогорку үлгүсүн биринчи кезекте бийлик өкүлдөрү көрсөтүш керек. Салык төлөөдө, декларация тапшырууда баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Бийлик ээлери мыйзмасыз иш жасаганын байкап калса эле элдин духу маанайы түшүп, мыйзамды сактоого аракети азайып калат.  

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*