Зомбулукка каршы жазаны күчөтүү сунушталды

 

Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбооруна редакциялык өзгөртүү долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты.

Жыйында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук статистика боюнча жыл сайын өсүп баратканы айтылып, укук коргоо органдарынын кылмышкерди жазалоо жана кылмыштын алдын алуу боюнча иши чабал экени сынга алынды.

Акыркы жыйырма күндө күйөөсүнүн колунан үч аял өлүп, бирөө оор абалда ооруканага түшкөн.

Мыкаачы күйөөлөр жети баланы томсортту

Парламентте “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Жоруктар, Бузуу жана Жазык кодекстеринин ченемдерине ылайык келтирүү жолдору талкууга коюлду.

Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов бул тууралуу мындай маалымат берди:

– Мыйзам долбоору тарабынан 18 беренеге өзгөртүү киргизилип жатат: 11 беренени Жоруктар боюнча кодексинин “Убактылуу коргоо” термин бөлүгүнө ылайык келтирүү, 7 беренени Жазык процессинин кодексине, Жоруктар боюнча кодексине, Бузуулар кодексине ылайык келтирүүгө байланышкан өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Талкуу учурунда ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов 2019-жылы “убактылуу коргоо” ордери 6145 үй-бүлөгө берилгенин, жалпы эле үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталганын, анын ичинен 554 иш сотко жеткенин, 7045 жабыркоочу тергөө амалдары жүрүп жатканда зомбулук кылган адамга кечирим берип, арызын кайтарып алганын, учурда 560 иш тергелип жатканын маалымдады.

Жаңы мыйзам эрежелери боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учураган жаранга “убактылуу коргоо” ордери аймактык тескөөчү тарабынан үч күндөн отуз күнгө чейин мөөнөткө берилет.

Депутат Дастан Бекешев талкуу учурунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук эмнеден улам келип чыкканына кызыкты.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

– Силер үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды иликтеп жатканда мотивдерди иликтейсиңер да туурабы? Айтыңызчы, зомбулук эмнеден башталат?, – деген суроо узатты Бекешев ички иштер министринин орун басарына.

– Үй-бүлөнүн начар шарты ошондой зомбулуктарды пайда кылат. Көбүнчө түшүнбөстүк келип чыгып, күйөөсү аялы менен урушуп кетет. Көбүнчө ушундай мотивдер болуп жатат…, – деп жооп узатты ага Памирбек Асанов.

Негизинен депутаттардын көпчүлүгүн укук коргоо органы тарабынан “убактылуу коргоо” ордерин алган, зордук-зомбулук болушу мүмкүн деп эсептелген алты миңден ашык үй-бүлөдөгү мындай абал эмнеден улам келип чыкканы тууралуу иликтөөлөр кызыктырды.

Бирок аларды Памирбек Асановдун жогорудагыдай жооптору канааттандырган жок.

Вице-спикер Аида Касымалиева Ички иштер министрлигинин өкүлү парламентке даярдыксыз келгенин сындап, парламентте да үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көңүлкош мамиле болуп жатканын белгиледи:

– Январь айында эле он күндө эки аял каза тапты. Болгондо да мыкаачылык менен. Азыркы айтканыңыз такыр туура эмес. Бул жерде аналитика керекпи деген суроого баланыкындай жоопторду берип жатасыз. Зордук-зомбулукка көбүнчө аялдар тушугат. Аялдар өлүп жатат. Эгер ичкилик эле себеп десек, анда акесин же атасын уруп өлтүрмөк. Эркек эркекти өлтүрмөк. Аялдарды ура берсе болот дегендей маанай бар. Аялды өлтүргөндөн кийин аларды күнөөлөп жатышат. Аны бул жердеги “Ошол аялдар өзү күнөөлүү беле?” деген да суроолордон билсе болот.

Касымалиеванын пикиринде, үй-бүлөлүк зомбулуктун күчөп жатканына укук коргоо органдарынын да күнөөсү бар.

– Ички иштер министрлигинин айынан ушундай абал келип чыгып жатат. Сиздер арыз жазганы келген аялдарга да ушундай мамиле кыласыздар. Сиздер үчүн бул кылмыш эмес. Мына, 8159 арыздан 554 иш гана сотко өтүптүр. Зомбулук боюнча канча адам соттолду? Бул жерде эжелеп окуп отурасыздар. Бул абдан уят. Даярданып келбейсиздерби…

Депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Рада Туманбаева жаңы мыйзам долбоору боюнча үй-бүлөлүк зомбулук кылган жаран жеңил жазага тартыларын, айып төлөп же коомдук жумушка тартылуу менен гана чектелерин айыптап, зомбулук үчүн жазаны катаалдаштыруу зарылдыгын сунуштады.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева укук коргоо органдарынан зомбулуктун алдын алуу механизмдерин иштеп чыгууну, зомбулук кылган күйөөлөр же аталар үчүн керек болсо өлүм жазасын киргизүүнү өтүндү.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

– Бүгүн үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдаштыруу керек. Энесинен ажыраган кызын зордуктаган атага эң катаал жаза берилиши керек. Керек болсо өлүм жазасына тартуу, өмүр бою абакка кесүү зарыл. Аялын өлгүчө сабаган, үй-бүлөсүн чилдей тараткан эркектер жазанын оор түрүнө тартылсын. Бизде үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголду. Мамлекеттик каналдарда бул тууралуу жакшы берүүлөр дээрлик жок. Жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөйт.

Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов бул багытта депутаттарга жооп берип жатып, зордук-зомбулук боюнча жаза-чараны катаалдаштырган долбоор иштелип чыкканын, ал экинчи этапта сунушталарын билдирди.

Жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органынын өкүлүнө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргогон мыйзамдарды өркүндөтүүнү жана жазаны күчөтүүнүн жол-жобосун изилдөөнү тапшырды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда үй-бүлөлүк зомбулукка чалдыккандардын саны жыл сайын өсүп баратат. Тактап айтканда, 2012-жылы бул боюнча – 2415 окуя катталса, 2017-жылы – 7114гө, ал эми 2019-жылы бул көрсөткүч – 8159га жеткен. Акыркы жыйырма күн ичинде эле эркектердин зомбулугунан үч аял өлүп, бирөө оор абалда ооруканада жатат.

https://www.azattyk.org

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*