Эмгек мигранттарынын балдарына карата зомбулук маселесин кантип чечебиз?

“Эмгек миграциясы көп учурда каржылык кыйын кырдаалдан чыгуучу жалгыз жол. Бирок, ата-энесинин жанында болбогону балдарга көптөгөн психологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү алып келүүдө”. 

Мындай пикирин КР Акыйкатчы аппаратынын адиси, Cabar.asia аналитикалык мектебинин катышуучусу Айгерим Арзыматова билдирет.

Макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Кыргызстан Борбордук Азиядагы эмгек мигранттарын жөнөтүүчү негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Жашоо деңгээлинин төмөн экендигинен жана дагы жумуш орундарынын жетишсиздигинен улам Кыргыз Республикасынын 750 миңден ашуун жараны чет жактарга жумуш издеп чыгып кетишкен.

ЕАЭБге кошулуу эмгек мигранттарынын жалпы абалына оң таасирин тийгизди, бирок мигранттардын балдарынын акыбалы бүгүнкү күндө актуалдуу көйгөй болуп турат.

Эмгек миграциясынын кесепеттери

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, 2016-жылыжок дегенде ата-энесинин бирөө эмгек миграциясына кеткен 61 000 бала саналган.ММКлардын маалыматтарына караганда, 2019-жылга карата ата-энеси иштеп кеткен балдардын саны 277 миңден ашык. Статистикалык маалыматтардан, ички дагы, тышкы дагы миграциянын өсүп жатканын көрүүгө болот, аны менен катар мекенинде калган балдардын көйгөйлөрү дагы курчуп барат. Мигрант-ата-энелер эмгек миграциясын балдарынын жаркын келечегин камсыздоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп баалашат.

Эмгек мигранттары мекениндеги үйбүлөсүнө акча которуу менен өлкөнүн ички дүң продукциясына зор салым кошуп жатканында талаш жок, бирок акча которуулар менен катар эле социалдык жетимдик, балдарга болгон зомбулук, балдарды суицидге жана кылмышка түртүп жаткан психологиялык травма жана депрессиянын көрсөткүчтөрү дагы өсүүдө.

Көзөмөлсүз калган балдар – миграциялык процесстердин гана жыйынтыгы эмес. Бул социалдык өнүгүүнүн аймактык башкармалыктарынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, аймактык укук коргоо органдарынын, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлеринин жана балдар иштери боюнча комиссиянын эффективдүү иштебей жаткандыгынын белгиси.

Укуктук документтерде “эмгек мигранттарынын балдары” деген категория жок, бул нерсе мындай балдарды мониторинг кылып, байкап турганга кыйынчылыкты жаратат. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде дагы, башка укуктук документтерде дагы “эмгек мигранттарынын балдары” деген аныктама жок, бирок ата-энесинин көзөмөлүсүз калган жана турмуш шарты оор балдарга атайын аныктама бар.

Кыргыз Республиканынын Өкмөтүнүн үйбүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча 2018-2028-жылга карата Программасы үйбүлө институтун бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө, үйбүлөнүн турмуш-шартын жогорулатууга, балдардын укугун коргоону камсыз кылууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Балдар тууралуу кодекси ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар — алардын өлүмүнө байланыштуу, жалгыз же ата-энесинин экөөнүн тең ата-энелик камкордугунан ажыраган, ошондой эле эгерде ата-энелери белгисиз (жетим балдар), аларды ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же алардын ата-энелик укуктары чектелгенине, ата-энелерин дайынсыз жоголду, жөндөмсүз (чектелүү жөндөмдүү) деп таанылганына, алардын дарылоо мекемелеринде жүргөнүнө, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп жатканына, алардын камакта кармоо жайларында отурганына, ата-энелеринин балдарын тарбиялоо, алардын укуктарын жана таламдарын коргоодо ата-энелеринин дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана башка ага окшогон мекемелерден алуудан баш тартуусуна байланыштуу, жана мыйзамда белгиленген тартипте баланы ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган деп таанылган башка учурлардагы 18 жашка чейинки курактагы адамдар деп аныктама берет;

Кадимки жашоодо ата-энесинин кароосу жок калган балдар деп ата-энеси такыр жок балдар айтылат, ал эми мигранттардын балдары болсо бул категорияга кирбеген, бирок камкордукка муктаж топ болуп саналат.

Эгерде ата-эне балдарын мекенге калтырып, өзү иштегени Кыргызстандан сыртка чыгып кетсе, балдары ата-энесининин көзөмөлүсүз калат, бирок автоматтык түрдө кодексте айтылган бул категорияга туура келбейт.

КРнын Балдар тууралуу кодексинин 41-беренесине ылайык, балдардын ата-энесинин көзөмөлүсүз калганын билген мекемелердин жетекчилери, же жарандар балдар жайгашкан аймактагы балдарды коргогон жергиликтүү атайын органдарга кабар бериши керек. Балдарды коргоо боюнча атайын орган маалыматты алгандан же фактыны тапкандан тартып 10 календардык күндүн ичинде баланын укуктарын ишке ашырууга көп тармактуу баа берүүнү жүргүзөт, анын үйбүлөсүн баалайт жана баланы коргоо боюнча индивидуалдык план иштеп чыгат.

Бирок, эмгек мигранттарынын балдарын издешпейт, аларды короолорду тандалма рейд кылуу аркылуу аныкташат. Мындай маалыматы бар жарандар атайын органдарга кабар берүү керектигин деле көп учурда биле беришпейт. Ошондуктан, атайын мекемелер короолордо жүргүзүлгөн рейддер аркылуу мигранттардын мекенде калтырып кеткен балдарынын баарын таба алышпайт.

Мигранттардын балдарын табуу боюнча бул ыкма эффективдүү эмес экендиги талашсыз.

БУУнун балдардын укугу боюнча Конвенциясынын 19-беренеси мүчө-өлкөлөрдүбалдардын укуктарын ишке ашыруунун алкагында баланы зомбулуктун бардык формасынан коргоого, чара көрүүгө “эскертүү, табуу, кабар берүү, ишти кароого тапшыруу, иликтөө, дарылоо катаал мамиле болгон учурда андан аркы иштерди жүргүзүүгө” милдеттендирет.

БУУнун балдар укугу боюнча комитети 2014-жылдын майында Кыргызстанга берген кеңешинде жабырлануучу жана кылмыштын күбөлөрү болгон балдарга кайдыгер мамиле жасалып, алардын кызыкчылыгы корголбой жатканына тынчсыздануусун билдирген.

2019-жылдын 1-январында ишке кирген КРнын Кылмыш жана жаза кодексин карап көрсөк, жашы жете электерге карата жасалган зомбулук иши боюнча тараптардын элдешүүсүнө тыюу салынган, эгерде мындай элдешүү баланын ой-пикири менен так негизделип жана анын кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан болбосо.

Мисалы, Кылмыш жана жаза кодексинин 26-беренесинде “иш өндүрүшүн четке каккан жагдайлар” деп аталган 1-бөлүм 13-пунктунда тараптардын элдешип алгандыгына байланыштуу КЖКнын 3-беренесинин 3-бөлүмүнө жана КРнын “Жоруктар жөнүндөгү” кодексинин 39-беренесине ылайык, иштин өндүрүшүн токтотуу мүмкүн экендиги жазылган. Бул нормага, тагыраак айтканда, КР КЖКнын 1-беренесинин 13-бөлүмүнө “жашы жете электерге карата атайын жасалган кылмыштар менен жоруктардан сырткары” деген кошумча киргизүү сунушталууда.

Аны менен катар эле КРнын Кылмыш кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнө дагы өзгөртүү киргизүү зарыл, тагыраак айтканда, “бул берененин 1-бөлүмү боюнча уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу топтун курамында болгон адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт” деген жерге “аны менен катар жашы жете элек баланын жашоосуна жана ден-соолугуна, жыныстык кол тийбестигине атайын зыян келтирүү кылмыштары боюнча” деген сөздөрдү кошуу керек.

Мигранттардын балдарынын көйгөйлөрү

Мигранттардын балдары демейде башка балдарга караганда мектепте көбүрөөк көйгөйлөргө туш болушат. Сабактарынан жетишпей, же айрым учурларда такыр эле окубай калган учурлар болот.

“Дордой” базарындагы балдардын эмгегин табуу боюнча мониторинг базарда негизинен ички жана тышкы мигранттардын балдары иштей турганын көрсөттү. 5тен 14кө чейинки жаштагы балдар экени аныкталды. Тышкы мигранттардын балдары сыяктуу эле ички мигранттардын балдары дагы ата-энесинин көзөмөлүсүз калуу, билим алуунун, медициналык жардам алуунун жеткиликсиздиги жана эмгек эксплуатациясына туш болуусу сыяктуу көйгөйлөргө туш болушат.

Эмгек миграциясын балдарга болгон зомбулуктун биринчи себеби катары атоого болбойт, бирок балдарга жасалган катаал мамилелер менен миграциянын байланышы, албетте, бар. Бала ата-энесинен башкалар менен жашаганы балага болгон зомбулуктун тобокелдигин көбөйтөрү белгилүү.

Мигранттардын балдарынын зомбулукка кабылганы, жаман мамиле жасалганы боюнча маалыматтар массалык маалымат каражаттары аркылуу барган сайын көп кабарланууда.

Социалдык тармактардан белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тууганы 1,5 жаштагы баланы катуу сабап салгандыгынан улам наристе көз жумганы белгилүү болду.Мониторинг учурунда адистерге баланын апасы атасы менен ажырашып, баласын тууганына таштап өзү Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон.Тууганы КР КЖКсынын 104-беренесинин негизинде убактылуу кармалуучу жайга камакка 2 айга камакка алынды, анын өзүнүн төрт баласы үйүндө калды.

Социалдык өнүгүү боюнча жергиликтүү башкармалыктын кызматкерлери буга чейин бул үйбүлөдө бала жашап жатканын билген эмес жана социалдык кызматкерлер аларга эч кандай маалымат жеткирген эмес.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2 жаштагы бала апасынын тууганы тарабынан катуу сабалган. Ал баланын апасы дагы Орусияга иштегени кеткен. Болгон окуядан кийин апасы кайтып келип, тууганын жазадан куткаруу максатында ага эч кандай доосу жок экенин айтып тосмо арыз жазып берген. Социалдык кызматтын маалыматына караганда, учурда бала апасы менен Кыргызстанда туугандарынын үйүндө жашап жатат.

Тилекке каршы, мындай окуялар көп. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын көргөн чараларына карабай, 2016-жылдан бери жашы жете электерге карата жасалган кылмыш иштеринин дагы, жашы жете электердин жасаган кылмыш иштеринин дагы саны өскөн негативдүү тенденция сакталып келет. КР Башпрокуратурасынын укуктук статистика жана каттоолор башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны өсүп жатат жана акыркы эки жылда 28,4%га өскөн.

Булак: Кыргызстандын Акыйкатчысынын доклады

КРнын Акыйкатчы аппаратынын изилдөөсүнө ылайык, балдарга карата жасалган зомбулук иштеринде 43% учурда баланын үйбүлөсүнүн мүчөлөрү жана чогуу жашаган туугандары тарабынан жасалган.

Балдарга карата жасалган физикалык зомбулукта гендердик ажырым дагы бар. Иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, уул балдарга караганда кыз балдар зомбулукка эки эсе көп кабылат, муну менен катар уул балдар физикалык зомбулукка кабылса, кыздар сексуалдык дагы, физикалык дагы зомбулуктун азабын тартышат. Кичинекей кыздар сексуалдык зомбулукка, зордуктоого, кала берсе туугандары тарабынан инцестке кабылган учурлар дагы аз эмес.Практика көрсөткөндөй балдарга болгон зомбулук узак убакыт бою кайталанып жүргөн мүнөзгө ээ, ал эми ата-энелери, же алардын милдетин аткарып жаткан адамдар коомчулуктун сынынан коркуп, зөөкүрдүн жоопкерчиликке тартылышына каршы болушат.

Бишкектин балдар клиникалык ооруканасынын жетекчисинин маалыматына караганда, үйбүлөдөгү зомбулуктан улам ооруканага түшкөн ар бир экинчи бала өзгөчө катуу сабалган болуп чыгат. Балага көрсөтүлгөн зомбулуктан улам ал физикалык жактан гана эмес психологиялык жактан дагы жабыркайт. Жашы жете элек бала зомбулукту нормалдуу көрүнүш катары кабылдап чоңоет.

Балага көрсөтүлгөн зомбулук аны өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген учурлар дагы көп.

Балдардын суициди акыркы учурда өлкөнүн коомчулугун тынчсыздантып баштады. Жашы жете электердин арасындагы суициддин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Кыргызстанда 2016-жыл ичинде жашы жете электердин арасында 95 суицид катталган, алардын 92си мектеп окуучулары, 3ү колледждердин окуучулары. 2018-жыл ичинде 88 бала өз жанын кыйган. 2019-жылдын тогуз айынын ичинде 46 бала өз жанына кол салган. Булардын арасында сыртка кеткен эмгек мигранттарынын балдары дагы бар.

Булак: Кыргызстандын Акыйкатчысынын доклады

Жашы жете электердин арасындагы суициддин саны боюнча Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары алдыда турат, белгилүү болгондой бул региондордо миграцияга кеткендердин дагы көрсөткүчү жогору.

ММКлар аркылуу 7-июль күнү Ош облусундагы бир үйдө 2003-жылы төрөлгөн жергиликтүү мектептин 9-классынын окуучусунун сөөгүтабылган. Баланын денесин үйдүн чатырында асылып турган жеринен табышкан. Өспүрүмдүн туугандары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баштартышкан. Ал баланын атасы дагы, апасы дагы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган. Бала үйбүлөнүн эң кенжеси экени маалым болгон.

Мигранттардын балдарынын укуктарын кантип коргоого болот?

Албетте, эмгек миграциясы финансылык кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн көп учурда жалгыз жол болуп саналат. Бирок, ата-энесинин жанында жоктугу эле балада көп психологиялык жана социалдык көйгөйлөрдү пайда кылат.

Эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоону ишке ашыруудагы негизги көйгөйлөрдүн бири мигранттардын балдарын каттаган атайын базанын жоктугу, тагыраак айтканда, балдардын так санынын белгисиздиги, жакшы адистердин жетишсиздиги жана социалдык жумушчулардын сыртка агылып чыгып кетиши саналат. Бул көйгөлөрдүн чыгышына атайын базаны түзүүгө каражаттын жоктугу, социалдык кызматкерлердин айлык-акысынын аздыгы, мунун айынан жашы жете электер менен иштөөгө тажрыйбасы жок кызматкерлердин жумушка алынышы себеп болот.

Балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүдө алдын алуучу механизмдер эң мыкты практика болуп эсептелет. Ошондуктан, үйбүлөдөгү балдарга карата зомбулукка каршы күрөш ийгиликтүү жүрүүсү үчүн профилактиканын керектүү чаралары көрүлүшү зарыл, алардын бири ийгиликсиз үйбүлөлөрдү табуу болуп саналат. Тобокелдүү топко кирген балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мектептин педагогдору менен тыгыз иштешип, ийгиликсиз үйбүлөлөрдү дайыма мониторинг кылып туруу керек. Анан албетте, социалдык кызматкер мындай үйбүлөлөр менен өз убагында иштешип, ар бир кадамына персоналдуу түрдө жоопкерчилик алышы шарт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Балдар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгилеп кетүүбүз керек. Ага ылайык, баласын кароосуз таштап кетип жаткан ата-эненин дагы жоопкерчилиги каралган, ата-эне алты айга баласын багуучуну (опекун) документ түрүндө тастыктап кетиши керек, бирок Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул мөөнөттү алты ай эмес бир жылга узартуу керек деп эсептейт.

Аны менен катар эле Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Балдар жөнүндөгү кодекске киргизиле турган өзгөртүүлөр талкууланып жатат. Эгерде ата-эне кыска мөөнөткө эле кетип жатса, ишенип калтырып жаткан конкреттүү адамына нотариус аркылуу ишеним кат жазып берип кетет, ал адам балдар үчүн жоопкерчиликти алат. Алты айга чейинки убакытка кетсе убактылуу багуучу (опекунство) катары жазып кетиши керек, ал эми баланы түбөлүккө багып алып жаткан болсо бул маселе сот аркылуу бир адамга чечилиши керек.

Мындай ыкма бардык көйгөйлөрдү чечпесе дагы, балдарынын ден-соолугу үчүн, коомдогу психологиялык жана социалдык адаптациясы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтөт.

Балдарын башка бирөөлөргө калтырып кеткен ата-энелерди балдарынын бакубат жашоого болгон укугунун бузгандыгы боюнча жазасын катаалдатуунун эффективдүүлүгүн изилдөө зарыл.

Ата-энелик укук балдардын кызыкчылыгына каршы иштебеши керек. Балдардын кызыкчылыгын камсыз кылуу бул ата-энесинин жана мамлекеттин камкордугу болуш керек.

Ата-энелик укукту ишке ашырууда ата-энелер жана алардын милдетин аткаруучулар баланын физикалык жана психологиялык саламаттыгына жана адеп-ахлактык өсүүсүнө зыян келтирүүгө укугу жок. Балдарды тарбиялоо ыкмаларында мазактоо, адамдын беделин түшүргөн оор, катаал мамиле, шылдыңдоо жана эксплуатация болбошу керек.

Эмгек мигранттарынын балдарына болгон зомбулукту жана дагы жагымсыз факторлорду жоготуу үчүн социалдык педагогдордун, социалдык коргоо кызматкерлеринин, жашы жете электер боюнча иштеген инспекциянын квалификациясын жогорулатуу, ата-энелер жана алардын туугандары менен профилактикалык маектерди жүргүзүү, балдарды зомбулуктан коргоо, үйбүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү чараларын күчөтүү зарыл. Мамлекеттик органдардын ортосунда жашы жете элек балдардын кызыкчылыгын коргоо боюнча тыгыз байланышты түзүү керек.

Сунуштар:

КР Өкмөтүнө сунуштар:

  1. Балдар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап чыгып, ага “эмгек мигранттарынын балдары” аныктамасын киргизүү.
  2. Улуттук мыйзамдарга балдарын кароосуз таштап кеткен ата-энелердин (же алардын ордундагы адамдардын) жоопкерчилигин караган өзгөртүүлөр менен кошумчаларды кигизүү маселесин карап чыгуу.
  3. Балдарга карата зомбулукту профилактика кылуу жана көзөмөлдөө жана эмгек мигранттарынын балдарын табуу боюнча системалуу чараларды иштеп чыгуу.
  1. Жашы жете электерге карата жасалган зомбулук боюнча кылмыш иштер менен жоруктарга тараптардын элдешүүсү менен кылмыш ишти кыскартууга мүмкүн эмес боло турган чараларды КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексине жана КРнын Кылмыш кодексине (2019-жылдын 1-январында ишке кирген) киргизип, аларга өзгөртүүлөр менен кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине сунуштар:

  1. Турмуштук оор кырдаалда жашаган эмгек мигранттарынын балдарынын дайымкы базасын түзүүнү карап чыгуу.
  1. Дайыма мигранттардын балдарын табуу боюнча мониторинг жүргүзүп, ал үйбүлөлөргө социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү.
  1. Башка адамдардын кароосунда калган мигранттардын балдары тууралуу маалыматты берүү боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерин жана жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуучу механизмди аныктоо.
  1. Балдар боюнча иштеген комиссиянын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүү.

Айгерим Арзыматова

Бул материал IWPRдын «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды.

Эмгек мигранттарынын балдарына карата зомбулук маселесин кантип чечебиз?

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*