Облус жетекчилиги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардам көрсөтүүнү улантууда

3-декабрь-Эл аралык майыптар күнүнө карата жана  Баткен областынын аймагында,  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында, облустагы балдардын көмөкчү мектеп интернаттарына, калыптандыруу борборлоруна, карылар үйлөрүнө,  КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова аталган мекемелерде иш сапары менен болуп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын абалынан, шарттарынан кабар алды.

Баткен облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана кароочусу жок балдарды тарбиялаган 2 көмөкчү мектеп интернаты, 3 балдардын калыптандыруу борбору, 1 үй бүлө тибиндеги балдар үйү жана 1 билим борбору бар. Ошондой эле 1  карылар үйү иштеп келет.

Жалпы облус боюнча майыптардын саны 20 572 болсо, алардын 5445 балдар түзөт.

Белгилей кетсек 2019-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына   чейин Баткен облусунун аймагында ден соолугунан мүкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү максатында КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу  менен бир айлык жарыяланган. Бул багытта учурда облустун бардык аймактарында майыптарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш чаралар уюштурулууда.

https://www.gov.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*