Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга майыптык арабалар берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирди.
Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын имаратында кайрымдуулук фонддордун жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте 20 майыптык араба жана 20 тигүүчү машина берилген.
«Иш-чара 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат. Учурда Ош шаарында 950 мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдар катталган. Ал эми 16 жаштан жогорку курактагы майыптардын саны 2 миңден ашуун», – деди Салтанат Аманова.
Leave a Reply