Тогуз айдын ичинде 65 миңден ашуун жаран юридикалык жардам сурап кайрылган

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 65 миңден ашуун жаран юридикалык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтуусунда, жарандар негизинен мураскорлук, жер маселеси жана үй-бүлөлүк укуктарга байланышкан маселелер боюнча кайрылышкан.

“Былтыркы жылда 37 миңге жакын адам юридикалык кеңеш сурап кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен (9 айдын ичинде) – 65 миңден ашуун жаран кайрылган. Бул жарандар чындыгында эле укуктук жардамга муктаж болуп жаткандыгынан кабар берет”, – дейт Акжол Калбеков.

http://kabar.kg/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*