Бишкек шаарында тургундарга акысыз укуктук жардам берген «Тилектештик автобусу» өнөктүгү башталды. Ал 24-26-октябрь аралыгында болорун мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Юристтер жашоочуларга бардык маселелерде кеп-кеңештерди берип, көйгөйлөр талкууланат.
– 24-октябрда Алтын-Бешик, Көлмө, Жеңиш, Бугу эне – Багыш, Ак-Ордо, Ак-Өргөдө, 25-октябрда Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Рухий-Мураста, 26-октябрда Ак-Тилек, Энесай, Бакай-Ата, Ак-Бата конуштарында өтөт, – деди Алмамбетова.
«Тилектештик автобусу» өнөктүгү 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. Аны Юстиция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосунда мэрия жана башка жергиликтүү бийликтер менен кошо ишке ашырууда.
Анын максаты – элдин укуктук сабатын жогорулатуу.
Leave a Reply