Ак-Сууда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр майып айылдашына үй куруп жатышат. Видео

Turmush –  Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр майрамдык кече өткөрүүнүн ордуна жардамга муктаж, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашына үй куруп жатышат.

Айыл тургуну Рыскелди Жунушевдин айтымында, бул ишти жалпы 13 классташ биригип башташкан.

«Биз майрам өткөрүүнүн ордуна айылга пайдалуу иш жасоону чечтик. Айылга аялдама куруу же арка орнотуу сунуштары айтылды. Бирок кеңешип отуруп, жыйынтыгында айылдагы Сатыбалды Жумалиев агабыздын үй-бүлөсүнө үй куруп берүүнү чечтик. Агабыз 1972-жылы туулган, үч баласы бар, ушул эле айылда инисинин үйүндө жашайт. Тагдырдын буйругу экен, Сатыбалды агабыз, жеңебиз дагы сүйлөбөйт жана уга алышпайт.

Айылдын четинде бир туугандары куюп койгон үйдүн пайдубалы бар эле. Ошол курулушту ушул жылдын апрель айында улантып баштаганбыз. Азыр үй курулуп бүтүп калды. Бир жуманын ичинде толугу менен бүтүрүп, айылдашыбызга тапшырабыз», – дейт Р.Жунушев.

Анын айтымында, классташтар курулуш иштерин дагы өздөрү жүргүзүп жатышат.

«Үйдүн курулушун баштайбыз деп Сатыбалды агабызга айткан эмеспиз. Жөн эле өзүбүз иштеп баштадык. Өздөрү билгенден кийин бизге рахматын айтып, абдан кубанып жатышат. Учурда үч бөлмөлүү үйдүн ичин актап жатабыз. Туугандары дагы келип, тегерегин оңдоп жатышат. Орозо айы бүткөндөн кийин үйгө киришет», – деди ал.

Алар бул үй Сатыбалды Жумалиевге мектепти бүткөнүнө 30 жыл болгонуна карата белек экенин белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен.

https://www.turmush.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*