Көзөмөлгө дайым муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» аттуу жаңы социалдык тейлөөнүн түрү түзүлдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, персоналдык ассистенттин тейлөө акысы айына 4 900 сом өлчөмүндө белгиленди.
2018-жылдын 1-июлунан тарта ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын көлөмү жогорулаган:
— Майып балдарга жана ВИЧ/СПИД менен ооруган энелерден туулган балдарга 3 000 сомдон 4 000 сомго чейин;
— I топтогу майыптарга 3 000 сомдон 4 000 сомго чейин;
— II топтогу майыптарга 2 500 сомдон 3 300 сомго чейин;
— III топтогу майыптарга 2 000 сомдон 2 700 сомго чейин жогорулатылган.
Ата-энелер майып балдарды караганы үчүн айлык чегерүү маселесин он жылдан бери көтөрүп келген.
Кыргызстанда 30 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелүү бала бар. Алардын 6 миңдейи өз алдынча таптакыр жашай албайт.
Майып балдарды караган ата-энелерге төлөнүүчү каражаттын чеги бекитилди
Leave a Reply