Укуктук маданият (видео)

Бизде коомдук турмушту жөнгө салган мыйзамдар начар деп айтуу мүмкүн эмес. Тескеринче Кыргызстандын мыйзамдары эл аралык стандарттарга болушунча жакындатылган.

Биздин өлкөдөгү коомдук процесстерди иликтөөчүлөрдө акыркы кезде укуктук нигилизм, укуктук маданиятсыздык, укуктук аң-сезимдин деформациясы, укуктук инфантилизм, дегенге чейинки түшүнүктөр колдонулууда.

Эмне себептен?

Эл мыйзамды билбейби?

Же аткаргысы келбейби?

Негизи эле укуктук маданият деген эмне?

Бул тууралуу биз элдин пикирин угуп көрөлү деп бир нече видео даярдадык.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*