Майып атамды бакканым үчүн мамлекет акча төлөп береби? Адис жооп берет

– Атам 1-топтогу майып, апам пенсияда. Атамды караганым үчүн мага ай сайын 5000 сом акча төлөнүп берилет деп уккам. Ушул чынбы?

Эксперттин жообу:

Кымбат Кадыралиева

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат катчысы

Саламатсызбы! Тилекке каршы, “жеке ассистент” социалдык кызматын 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган адамдар гана пайдалана алат. Тактап айтканда, баланы бакканы үчүн 4900 сом айлык алат. 

Бирок, жакынкы жылдарда 18 жаштан өйдө курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган жарандарга да “жеке ассистент” кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү аракети көрүлөт.

https://bilesinbi.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*