Facebook баракчасынын колдонуучуларынын арасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча мыкты постко сынак жарыялайбыз

Урматтуу достор, Facebook баракчасынын колдонуучуларынын арасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча мыкты постко сынак жарыялайбыз.
Сынакка катышуунун шарты:
1. Укуктарын билүүгө, милдеттерин ак ниеттүү аткарууга жана мыйзамдарды сактоого чакырган, ошондой эле жарандардын туура укуктук жүрүм-турумунун мисалдарын камтыган жана укуктук маданияттын мааниси жөнүндө пост жазуу.
2. Постту өзүнүн Facebook баракчасында 2019-жылдын 11-мартынан 25-мартына чейин #правовая_культура_kg хэштеги менен жарыялап, өзүнүн беш досун белгилөө керек.
3. Даярдалган постту ушул маалыматтын алдындагы комментарийлердин катарында #правовая_культура_kg хэштеги менен кайталап жарыялоо керек.

Посттор кыргыз жана орус тилдеринде, ар кандай форматтарда – тексттик (эссе, ыр саптары), – графикалык (видео, фотосүрөттөр) берилиши мүмкүн.

Комиссия үч эң жакшы постту аныктайт. Жеңүүчүлөргө смартфондор тапшырылат. Конкурстун уюштуруучулары сынакка катышуу үчүн келип түшкөн материалдарды кийин колдонууга укуктуу.

Баалоо критерийлери
Материалдар жарандардын укуктук агартуусуна, укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамдарды сактоого чакыруусу зарыл,

Сынактын максаты
Өлкөнүн жарандарынын укуктук маданиятын жогорулатууга, укуктук жүрүм-турумдун оң мисалдарын жайылтууга, мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө коомдук ой-пикирди калыптандырууга жардам көрсөтүү конкурстун негизги максаты болуп саналат.
Конкурс 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча концепцияны ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. Бул Концепция укук таанууну, анда жазылгандарды аткаруунун зарылдыгын түшүнүүнү, укукту ишке ашыруу көндүмдөрүнө ээ болууну мүнөздөөчү, укуктук даярдыктын жана ынанымдар системасынын болушун болжолдогон, калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын ушундай деңгээлине жетишүү максатын көздөйт. Укуктук окутуунун жана тарбиялоонун жүрүшүндө алынган билимдер жеке ынанымдарга, укуктук талаптарды катуу сактоонун бекем коюлуусуна, андан кийин – мыйзамдарды сактоо адатка, укуктук жана саясий активдүүлүктү көрсөтүүгө айланышы керек.

Сынак КР Юстиция министрлигинин демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда өткөрүлүүдө.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*