Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 70 пайызы билим албайт

Ысык-Көл облусу боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 3 миӊ бала бар. Бүгүнкү күндө алардын ден соолугуна байланашытуу 60-70 пайызы мектептен билим албай келишет. Бул тууралуу аймактагы «Теӊдик» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова билдирди.
Анын айтымында облустагы мектептерге пандус курулганы менен, имираттын ичи индустриалдык талаптарга жооп бербейт.
«Бүгүнкү күндө мектептерде 50%га жакын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алат дегени менен, бул маалыматты четке кагабыз. Анткени билим берүүчү жайларда ден соолугунан жеӊил түрү менен жабыркагандар окуубаса, тилекке каршы (буту баспаган, церебралдык паралич ж.б) оор түрүндөгү балдар билим алалбай келишет. Маакул эски мектептерди түшүнсөк болот. Бирок, жаӊы курулуп жаткан имараттарга индустриалдык шарттын долбоорун киргизсе болот да. Мунун натыйжасынан мектеп жашындагылар билим албай келүүдө», – деди Казакунова.
22.12.2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*