Сүйүүнүн күчү керемет! Майып жигитке турмушка чыккан кыз

Жакында Алинур Жуматаев менен Райхан Раманкулова баш кошушту. Бул Кыргызстандагы күнүгө үйлөнүп жаткан жаштардай эле таасир калтырмак.

Бирок…

Бирок, Алинур менен Райхандын үйлөнүү үлпөтүн көргөндөр эки жашты суктануу менен карап, аларга бакыт гана каалап турушту.

Экөө мектепте окуп жүргөндө эле тааныш болчу. Алинур менен Райхан экөөнүн ортосундагы сүйүү сезими 2016-жылдан башталган. Анда Райхан 16 жашта гана эле, Алинур 21 жашта. Мындан эки жыл мурун Алинур жол кырсыгына кабылып, ден-соолугунан ажырап, эки буту баспай калган. Ошол учурда эки жаш сүйүүлөрү үчүн күрөшүп, сүйүү бар, ал эч нерсеге карабайт дегенди далилдешти.

Алинур менен Райхан Жалал-Абад облусундагы Терек-Суу айылынан болушат. Эки жаштын баш кошуусуна эч ким жолтоо боло алган жок. Майыптардын арабасында отурган Алинурга турмушка чыгаарда Райхандын ата-энелери каршы болушкан эмес, тескерисинче башка туугандары, эмнеге майып балага турмушка чыгат дешип, айылдагылары да бир сыйра күбүр-шыбыр болушканын айтат.

Райхан учурда Улуттук университеттин педагогика факультетинде окуйт.

Алинурдун айтымында ал кырсыкка кабылып, ооруканада дарыланууда жатканда Райхан аны моралдык жактан колдоо көрсөтүп турган. Райхан менен сүйлөшүү аны ушундай оор кырдаалда колдоо көрсөткөнү Алинур үчүн дем күч берип, жашоого болгон кызыгуусун, ден соолугун чыңдоого аракетин жогорулаткан.

Азыр Алинур машыгып, ден-соолугумду чыңдап,бутуман турам деген максатты койгон.

Сүйүүнүн күчү керемет, азыр коомчулук эки жашка бакыт гана тилеп жатышат.

АЗИЗА ЖУМАЛИЕВА

21-Ноя. 2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*