Айсулуу Мамашова: “Акыйкатчы институту зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга кандай жардам берет?”

“Акыйкатчы институту зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга кандай жардам берет?” деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова акыйкатчы Токон Мамытовдон сурады.

Мамытов Акыйкатчы институтуна үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган көптөгөн адамдар кайрыларын айтып, аларга тийиштүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

“Акыйкатчы институтуна зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдар тарабынан кайрылуулар көп түшөт. Зомбулукка кабылгандар Акыйкатчы иниститунун атайын “150” деген номерине чалса болот. Аларга атайын жардам берүү үчүн психологдор иштешет. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдар аркылуу аларга жардам берилип келет. Мындан сырткары “Сезим” кризистик борбору менен да биргеликте иштешип, зордук-зомбулукка туш болгондорго жардам көрсөтүп келебиз”, – деди акыйкатчы.

Автор: Сталбек Абдижалил уулу
24-10-2018
https://www.super.kg/kabar/news/250209/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*