Кара-Көлдө майып адамдардын облустук спартакиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды (фото)

Кара-Көл шаарында 11-октябрда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы 9-облустук спартакиадасы жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси А.Камбаровдор, облустук «Асылай» коомдук ассосациясынын башчысы Ж.Жаркулова, Кызыл жарым ай коомунун өкүлү Г.Джолдошевакатышты.

Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча 70 кг чейин гиря көтөрүү боюнча 1-орунду Базар-Коргондун тургуну Жолдошбек уулу К, 2-орунду Чаткалдан келген Курманалы уулу К, 3-орунду Ноокендин тургуну Сулайманов З. ээледи. 70 килограммдан жогору гиря көтөрүү боюнча 1-орунду Чаткал районунан У.Орозалиев, 2-орунду ноокендик Т.Эшенкулов, 3-орунду Чаткал районунан келген К.Жаркулов ээледи.

Кол күрөш боюнча аялдар арасында 1-орунду Таш-Көмүр шаарынан А.Мамырова, 2-орунду ноокендик Н.Абдракулова, 3-орунду ала-букалык А.Жунусалиева ээледи.

Кол күрөш боюнча эркектер арсында 1-орунду ала-букалык А.Файзуллаев, 2-орунду Аксы районунан Э.Токобаев, 3-орунду Жалал-Абад шаарынан М.Саттаров ээледи. Коляска менен жарышуу боюнча аялдар арасында 1-орунду Таш-Көмүр шаарынын тургуну Эргешалы кызы Д, 2- орунду ала-букалык Айдарова, 3-орунду Аксы районунун тургуну Р.Акбаева ээледи.

Эркектер арасында коляскада жарыш боюнча 1- орунду Сузак районунун тургуну Ж.Мамаюсупов, 2- орунду Жалал-Абад шаарынан А.Миниахметов, 3- орунду Токтогул районунан К.Жолдошбаев ээледи. Штанга көтөрүү боюнча 1-орунду Кара-Көл шаарынын тургуну Т.Акылбеков, 2-орунду чаткалдык Курманалы уулу К., 3-орунду Жалал-Абаддан келген А.Абдыкеримов ээледи.

Шахмат боюнча аялдар арасында 1-орунду кара-көлдүк А.Алдакенова, 2-орунду ала-букалык М.Мусафарова, 3-орунду Ж.Жээналиев ээледи. Шахмат боюнча эркектер арасында 1-орунду базар-коргондук А.Пулатов, 2-орунду чаткалдык Алимбек уулу Н, 3-орунду ала-букалык Т.Нусафаров ээледи. Спорттун шашки түрү боюнча аялдар арасында 1-2-орунду Жалал-Абаддан келген Т.Раимбекова менен М.Усманова ээледи. 3-орунду Чаткал районунун тургуну Н.Нарбекова ээлеп кайтты.

Ал эми эркектер арасында шашки боюнча биринчиликти Майлу-Суу шарынын тургуну М.Исманов, 2-орунду ноокендик А.Каримов, 3-орунду Жалал-Абад шаарынын тургуну А.Албанбаев ээледи.

Баардык жеңүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан сырткары, спартакиаданын катышуучулары да баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара мэрия, шаардык социалдык башкармалыгы жана жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулду. Жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом, шаардык кеңештин депутаттары тарабынан 20 миң сом бөлүндү.

Turmush 

13.10.2018
https://www.turmush.kg/news:353736

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*