Майыптыгы бар эркектерге жана аялдарга жана айылдык аялдарга карата терс көз караштарды аныктоо боюнча изилдөөнүн презентациясы

Майыптыгы бар эркектерге жана аялдарга жана айылдагы аялдарга карата терс көз карштарды аныктоо боюнча изилдөө БУУӨПтүн жана Финляндия Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында “Демократиялык процесстерди изилдөө борбору” Коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн жыйынтыктары республиканын эки шаарынын (Бишкек жана Ош) жана эки облустарынын (Ош жана Чүй) калкынын жана лицейлердин окуучуларынын майыптыгы бар адамдарга болгон мамилесине баа берүүгө мүмкүндүк берет жана бул топтогу адамдарга карата кандай терс стереотиптер болгонун билүүгө мүмкүндүк берет. Бардыгы 1 600 адамдын пикири иликтенди. Изилдөөдө семантикалык дифференциалдын, топтук дискуссиянын жана тереңдетилген интервью ыкмалары колдонулган.

Изилдөөнүн максаты өтө актуалдуу болуп саналат, анткени майыптыгы бар адамдарга карата калктын, мекеменин жана мамлекеттик органдардын адистеринин түшүнүктөрүндө  кандай терс стереотиптер орун алгандыгын түшүнүү өтө маанилүү, себеби алар көп учурда коомдогу майыптыгы бар адамдардын абалына өз таасирин тийгизишет.

Майыптыгы бар адамдарга жана айылдагы аялдарга карата терс стереотиптердин өзгөчөлүктөрүн жана себептерин аныктоо, ошондой эле ар кандай максаттуу топтор үчүн маалыматтык стратегияны жана медиа-продукттарды иштеп чыгуу үчүн сунуштарды берүү изилдөөнүн негизги максаты болуп саналат, алар аялдарга жана майыптыгы бар адамдарга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга багытталган.

Майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик саясаттын жана коомдун мамилесинин жакшырганына карабастан, республикада адамдардын бул тобуна карата терс көрүнүштөр сакталып калууда. Майыптыгы бар адамдар билим берүүгө, саламаттык сактоого, инфратүзүмдөргө жана зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөргө тең жеткиликтүүлүккө ээ эмес. Аларды курчап тургандар майыптыгы бар адамдарга карата кайдыгер, сыйлабаган, айрым учурларда басмырлоочу, орой мамилелерге жол беришет. Стереотиптик ой жүгүртүү катардагы гана жарандарга гана мүнөздүү эмес, ал өлкөнү өнүктүрүүнүн саясатын жана программасын иштеп чыгуучу мамлекеттик кызматчылардын арасында да кеңири тараганы изилдөө тарабынан белгиленген.

Майыптыгы бар адамдарга жана айылдагы аялдарга карата стереотиптик ой жүгүртүү мамлекеттик масштабдарда жүрүүдө – саясатта, мыйзамдарда, маалымат талаасында жана укук колдонуу практикасында ишке ашууда. Үзгүлтүксүз кам көрүүгө муктаж, аларды аяй турган, ар дайым бир нерсеге муктаж болгон көз каранды адамдар жөнүндө каралуучу, майыптыгы бар адамдар жөнүндө түшүнүктөр аларды дени сак адамдардын ажырымына алып келет, бул болсо алардын толук кандуу жашоосу үчүн башкы тоскоолдуктардын бири болуп саналат.

Башка факторлор менен бирге, айылдагы аялдарга карата терс стереотиптердин кеңири таралышы жашоонун бардык чөйрөлөрүндө айылдык аялдардын гендердик теңсиздигинин сакталышына таасир тийгизет. Азыркы учурда айыл кеңештеринде жана бийликтин жергиликтүү органдарында айыл аялдарынын көрсөтүлүшүнүн олуттуу төмөндөшү байкалууда.  Шаардыктарга караганда айылдагы аялдардын билим деңгээли төмөн, алар социалдык кызматтарга өтө төмөн жеткиликтүүлүккө ээ болушат, айылдагы аялдардын экономикалык активдүүлүгү жана жумушка орношуусу кыскарууда. Мунун бардыгы гендердик теңсиздиктин сакталышына өбөлгө түзүүдө.

Ажырашуу, мүлккө жана алиментке талапкер болуу уят деп эсептеген жана кандай болбосун жагдайды эч каршы болбостон кабыл алуучу айылдык аялдар жөнүндө түшүнүк эрте никеге туруу, кыз ала качуу, үй-бүлөлүк зомбулук сыяктуу гендердик зомбулуктун формаларынын сакталышына шарт түзөт, расмий маалыматтарга ылайык, алар айыл жеринде басымдуу болот.

Майыптыгы бар адамдарга жана айылдагы аялдарга карата стереотиптердин коомчулукка тийгизген терс таасирин кайра баалоо өтө кыйын.  Бул стереотиптер майыптыгы бар адамдарга жана айылдагы аялдарга тең укуктуу болууга, өзүнүн потенциалын өнүктүрүүгө, ийгиликтерге жетишүүсүнө жана бактылуу болуусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондой эле стереотиптер мамлекетке да зыян келтирет, анткени майыптыгы бар адамдарга жана айылдагы аялдарга коомдук турмушка киришүүсүнө, сапаттуу билим алуусуна, өлкөнүн келечеги үчүн эмгектенген көз каранды эмес жаран болуусуна мүмкүндүк бербейт.

Изилдөөнүн жыйынтыктары ар кандай максаттуу топтор менен иштөө боюнча медиа-стратегияны иштеп чыгуу үчүн колдонулат, алар калк менен иштеп жаткан жарандарга жана кызматкерлерге адилеттикке, теңдикке, адамдын жынысына, жашаган жерине жана майыптыгынын болушуна көз карандысыз ар бир адамды сыйлоого жана өнүктүрүүгө жетишүү үчүн өзүнүн жүрүм-турумун жана мамилесин өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Алынган тыянактар майыптыгы бар адамдардын жана айылдагы аялдардын жашоосун жакшыртууга багытталган программаларды иштеп чыгууда жана мыйзамдарды өркүндөтүүдө пайдалуу болушу мүмкүн.

Изилдөөнүн жыйынтыктарын бул шилтеме менен окусаңар болот Адабият

26.09.2018

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*