Кыргызстанда угуусу начар адамдарга атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат

© Sputnik / Владимир Песня l

Кыргызстанда беш миңдин тегерегинде кулагы укпаган адам жашайт.

Угуусу начар жарандарга атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев на пресс-конференции в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев

 

Анын айтымында, январь айынын башында угуу жагынан майып адамдарга жардам боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, күчүнө кирген. Анда биринчи жолу сурдокотормочунун укуктары жана статусу аныкталып, алардын көрсөткөн кызматына акы төлөнүшү керектиги жазылган. Бирок азыркыга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги анын жобосун иштеп чыга элек.

“Дүлөйлөргө айына 15 саат акысыз сурдокотормочунун кызматын колдонуу каралууда. Бизде угуусу начар беш миң адам бар жана бул сандар беш жыл мурунку статистика. Учурда алардын саны кыйла көп болушу мүмкүн. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мобилдик тиркемени буюртма кылган, анын жардамы менен кулагы укпагандар нотариустун же дарыгердин кызматын дистанциялык негизде ала алат”, — деди депутат.

Ал ошондой эле мобилдик тиркеменин жардамы менен кулагы укпагандар сурдокотормочу тандай алышарын кошумчалады.

БИШКЕК — Sputnik

24.09.2018

https://sptnkne.ws/jEzJ

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*