Өгөй атасы сабаган эгиз кыздардын бири майып болчу. Бүлөнүн дайын-дареги айтылды

Сокулукта таякталып учурда ооруканада жаткан секелектерден Акыйкатчы институтунун өкүлү кабар алган.

Сокулукта өгөй атасы тарабынан мыкаачылык менен сабалган 10 жаштагы эгиз кыздардын бири майып экенин Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы аталган аймактын үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнө таянуу менен билдирди.

Эскерте кетсек, 27-июнь күнү катуу таякталган эгиз кыздар жаракатынан улам ооруканага түшкөнү, ал эми энеси күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазуудан баш тартып жатканы жарыяланган.

Акыйкатчынын Чүй облусу боюнча өкүлү жабыркаган секелектер дарыланып жаткан аймактык ооруканага барып, алардан кабар алган. Дарыгердин айтымында, кыздардын абалы туруктуу, бирок невропатологдун текшерүүсүнөн өтүшө элек.

“Сүйлөшүү учурунда кыздар өгөй атасы сабаганын танып, бактан, үйдүн чатырынан кулап кеткенин айтып жатышты. Андан соң алардын 43 жаштагы энеси менен да сүйлөшүү жүргөн. Ал болушунча 33 жаштагы жарандык күйөөсүнүн күнөөсү жок экенин далилдөөгө аракет кылды”, — деп айтылат маалыматта.

Сокулук районунунун үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн башчысы аталган үй-бүлө каттоодо эмес экенин, үй ээси оорудан каза болгондуктан Соцфонддон 5700 сом пенсия аларын белгиледи. Андан тышкары, талма оорусунан улам майып болуп, үйдөн окутууга өткөн эгиздердин бирине 3000 сом көлөмүндө пенсия чектелген. Ал эми бири жергиликтүү мектепте 4-класста окуйт. Жубайлар экөө тең Москва районундагы жашылча жууган жайда иштей турганы айтылды.”Ал каргашалуу күнү кыздардын бири үйдөн чыгып кеткен түгөйүн издеп кетет. Энеси ашканада тамак жасап жаткан. Кыздарды кайтып келгенден кийин өгөй атасы электр зымы менен сабаган. Талма оорусу менен жабыркаган кыздын мурду канап кетет. Ата сөрөй аялы эшикти каккылаганда гана таягын токтотот”, — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн тергөөчү кыздарды үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн өкүлү менен энесинин көзүнчө суракка алган.

“Кыздар психологиялык жардамга жана колдоого муктаж. Аларга күйөөсүнө болушкан энеси басым жасап жатышы мүмкүн. Себеби кыздардын бири катуу коркуп калганы көрүнүп турат. Ал энесинин колун кармап, эки сөзүнүн биринде “мен апамды жакшы көрөм” деп кайталоодо”, — делет билдирүүдө.

Кыздарды коргоо максатында палатасынын жанында социалдык кызматкер нөөмөттө турат. Ушу тапта Акыйкатчынын Чүйдөгү өкүлү бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. 
https://sputnik.kg/incidents/20180628/1039911978/sabalgan-ehgiz-kyzdar-majyp.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*