“KG ГРУПП” фонду майып балдарга кубаныч тартуулады

“KG ГРУПП” кайрымдуулук фонду Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тарбияланган мүмкүнчүлүгү чектелген жеткинчектерден кабар алды. Аталган фонд балдарга атайын ысык тамак уюштуруп, жеткинчектерге, аларды караган  тарбиячыларга белектерин тапшырды. Иш чаранын жүрүшүндө өнөрпоздор жаш өспүрүмдөргө концерттик программа тартуулап, көңүлдөрүн көтөрдү. Ал эми мекеме жетекчилиги “KG ГРУПП” кайрымдуулук иш-чараларын салтка айлантканын белгилеп, фондго ыраазычылыгын билдирди.

 

“KG ГРУПП” кайрымдуулук фонду 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген жеткинчектерге концерттик программа уюштуруп, 60 балага оюнчуктарды тапшырды. Мындан сырткары, өнөрпоздор, жомок каармандары жеткинчектердин көңүлүн көтөрүп, балдар менен биргеликте түрдүү оюндарды ойноп, ыр, бийлерди тартуулашты.

Балдар үйүндө тарбияланып жаткан 11 жаштагы Байел келечекте куруучу болгонду самайт. Ал өтүп жаткан майрамдык салтанат досторуна жана өзүнө кубаныч тартуулаганын белгилеп, тарбиячылары тууралуу айтып берди.

— Артисттер фокустарды көрсөтүштү, биз шариктерди ойнодук. Мага да белек беришти. Майрамдык салтанат жакшы өтүп жатат. Мен келечекте куруучу болгум келет. Сүрөт тартып, шахмат ойногонду жактырам. Тарбиячыларыбыз жакшы карап, убагында тамак беришет.

“KG ГРУПП” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Имамидин Ташов балдарга көңүл бөлүү — жашооонун негизги мааниси экенин айтат. “Бирөөгө колдоо көрсөтүп, ага кубаныч тартуулоо максатында жасалган ар бир иш бакытка бир кадам жакындатат” дейт директор.

— Биздин жамаат үчүн салтка айланга иш-чараны белигилөө максатында келип отурабыз. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелгендердин абалы өтө оор. Мындай балдарга көңүл бөлүү — өзүнчө эбегейсиз сооп, жашоонун кээ бир деңгээлдеги мааниси. Аны унутпашыбыз керек. Кайрымдуулук иштерин мындай кийин да улантабыз деп ниет койгонума бактылуумун. Балдар үйүнө оюнчук сыяктуу бир сыйра колдонуучу белектер, тамак-аш көп келет экен. Бирок биз мекеме жетекчисинен “балким силер каалаган, балдарга пайдалуу болчу нерсе бар” дер сурадык. Биринчи жылы имараттын чатырын жаап берсек, былтыр тигүүчү машына сатып бердик.

Салтанаттын алкагында жеткинчектер үчүн майрамдык дасторкон даярдалып, таттуулар таратылды. Өспүрүмдөрдүн кубанычы балдар үйүнүн жетекчиси Светлана Такырбашева үчүн да чоң бакыт. Ал мекемеге колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө, “KG ГРУПП” кайрымдуулук фондуна жетекчиликтин атынан ыраазычылыгын билдирди.

— Эки үч күндөн бери балдардын майрамына карата салтанаттык иш-чаралар өтүп жатат. Бүгүн да бизге олуттуу жардам берген “KG ГРУПП”  курулуш компаниясынын жамааты балдарга жаркын маанай тартуулоодо. Алар куру кол келбептир, кой союп балдарга тамак даярдашты. Балдарга оюнчуктарды, аларды караган тарбиячыларга атайын даярдаган белектерин тапшырышты. Убактысын аябай, балдарыма көңүл бөлүп, маанайын көтөрүп беришкени үчүн бардык демөөрчүлөргө өзүмдүн жана мекемеде эмгектенгендердин атынан ыраазычылык билдирем. Ыйык Рамазанайында кылган жакшылык иштери кабыл болсун.

“KG ГРУПП” кайрымдуулук фонду балдар үйүнүн муктаждыктарын аз да болсо камсыз кылуу максатында мекемеге кир жуугуч машина жана маданий иш-чараларда пайдалануу үчүн музыкалык аппарат тапшырды. “KG ГРУПП” курулуш компаниясынын вице-президенти Аскер Маденов мындай саамалык быйыл үчүнчү ирет уюштурулуп жататканын айтат. Ал, балдар үчүн мээрим төгүп, алардын көңүлүн алуу — эң чоң белек экенине токтолду.

— Жыл сайын эмнеге муктаж болсо ошол нерсени алып беребиз. Көрсө, мурда көп көңүл бурбайт экенбиз. Үч жылдан бери кайрымдуулук ишин өзүбүзгө адат кылалы деп бүгүн да келдик. Балдарды көрүп, жүрөктөрдү, сезимдерди жаңылап, бизден башка муктаж адамдар бар экенин сезесиң. Биз кандай жаралдык, бизден башка кандай адамдар бар деген ой келет.  Концерттик программадан сырткары эң чоң белегибиз – биздин кучактоолор, убакыт бөлүп алардын көңүлүн сураганыбыз. Колунан кармап, мээрим тартуулап, баштарынан сылаганыбыз эң чоң белегибиз деп ойлойм.

Балдар үйүнүн тарбиячысы  Жаңыл Токтокадыр кызы 11 баланын тамагын берип, өз балдарынан кем калтырбай, жоопкерчилик менен мамиле кылат. Тарбиячы 8 жылдан бери балдар үйүндө иштеп, сүйлөй албаган балдар менен да тил табышып, жаңсоо аркылуу алардын оюн түшүнүп калганын белгилейт.

— Концерт көрүп, балдар кубанып отурушат. Алар сүйлөй албаса да жаңсап, колдору менен көрсөтүп оюн түшүндүрүшөт. Тарбиячыларын апасындай көрүп, башкалардан кызганып калышат. Биринчи иштеп баштаганда жүрөгүм ооруп, кыйнылып жүрдүм, азыр көнүп калдым. Айрым балдардын ата-энеси келип турса, 80 пайызынын ата-энеси такыр кабар албайт. Азыр бизде 44 бала бар. Алар ооруп же 16 жашка толуп башка жакка которулуп кетсе ордуна башкалар келип кошулат.

Кошумчалай кетсек, Беловодскийдеги балдар үйүндө 230 жеткинчек тарбияланат. Алар — өлкө аймактарынан келген 4 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

 

Айжамал Худайбердиева
 Июнь 3rd, 2018 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*